Үзүлгөндү улачу, чачылганын жыйначу күн келди. Памир кыргыздарын Түпкө көчүрүү демилгеси

© Фото / Айгул Борбугул кызыПамирдеги кыргыздар. Архив
Памирдеги кыргыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Памирдеги кыргыздардын жашоо мөөнөтү орто эсеп менен 42-45 жаш. Мындан сырткары төрөттөн көз жумган кыз-келиндер арбын. Эгемендүү мамлекет болуп туруп, өзүбүздүн этникалык кыргыздарга кайдыгер караганыбыз туура эмес дешет активисттер.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Памирлик кыргыздарды Ысык-Көл облусунун Түп районуна көчүрүп келүү демилгеси көтөрүлүп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине демилгечилердин бири жаш активист Ренат Самудинов билдирди.

Анын айтымында демилгенин максаты, деңиз деңгээлинен 4200-5000 метр бийиктикте туруп, катаал шартта жашаган Памир кыргыздарына жардам берүү. Алгач беш үй-бүлөнү көчүрүп келүү пландалууда.

"Памирдеги кыргыздардын жашоо мөөнөтү орто эсеп менен 42-45 жаш. Мындан сырткары төрөттөн көз жумган кыз-келиндер арбын. Эгемендүү мамлекет болуп туруп, өзүбүздүн этникалык кыргыздарга кайдыгер караганыбыз туура эмес", — дейт Самудинов.

Анын айтымында Ысык-Көл облусунун Түп району Памирлик кыргыздардын жашоо шартына ыңгайлуу. 

"Убагында космонавттар, олимпиада чемпиондору атайын Ысык-Көлдө даярдыктан өтүшкөн. Ошондуктан Көл аймагын тандап алдык", — дейт активист.

Демилгечилер райондун акиминен сырткары өкмөткө жардам сурап кайрылган.

"Бул ишти аткарууда эки башкы көйгөй бар. Алар көчүрүп келүүдөгү документтердин мыйзамдуу түрдө чечилиши жана келгендерди отурукташтыруу. Ушул жаатта өкмөт кол кабыш кылып, документтерди тактоо менен бирге көчүп келгендерге медициналык жардам көрсөтсө жакшы болмок", — дейт Самудинов.

Ал кошумчалагандай беш үй-бүлөнү тандоо укугу өкмөткө берилет. Мындан сырткары Памир кыргыздары баңги зат колдонушат деген маалымат жалган экенин, алар эчкандай коркунуч жаратпай турганын билдирди.

Бул демилгени Түп районунун акими Ишен Кожалиев колдоого алган.

"Жыл сайын гуманитардык жардам көрсөтүүнүн ордуна көчүрүп алсак жакшы болот. Түп району 30-жылдары казактар көчүп келгенде, 1945-жылдагы согуш учурунда балкар улутундагыларды бооруна катып, жардам берген. Учурда үч айылда казактар, бир кыштакта балкарлар жашайт. Башка улуттарын батырып, этникалык кыргыздарды кантип таштап коёбуз?", — дейт Кожалиев.

Анын айтымында көчүрүлүп келгендер "Чар-Кудук" жайлоосундагы кыштакка жайгаштырылат. Ал жер деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктикте туруп, мал багууга ыңгайлуу. 

© Фото / Айгул Борбугул кызыПамирлик кыргыздар
Памирские кыргызы - Sputnik Кыргызстан
Памирлик кыргыздар

"Беш үй-бүлөгө кыштоолор берилет. Мал багып, жашоосун улантып кетсе болот. Айылдык даарыгерлер келгендердин ден соолугун көзөмөлдөп турат", — дейт аким.

Сунуштун каржы жагын Эл аралык "Кыргыздар" Ассоцияциясы көтөрөрүн Sputnik Кыргызстан агентигине аталганассоцияциянын башчысы Нурмухаммед Минбаев билдирди. 

"Учурда канча каражат кетээрин тактоо жүрүп жатат. Буюрса кетчү каражатты толугу менен көтөрүүнү көздөп жатабыз", — деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев бул демилгени колдоорун билдирди.

"Бул мыкты сунуш. Колдон келген баардык жардамды көрсөтүүгө даярмын. Этникалык кыргыздарды сөзсүз көчүрүп келишибиз керек", — дейт депутат.

Активисттерден сырткары Мамлекеттик миграция кызматы да беш үй-бүлөнү көчүрүп келүүнү көздөп жатканын аталган мекеменин маалымат бөлүмү билдирди. 

© Фото / пресс-служба минсоцразвитияПамирлик кыргыздар
Памирские кыргызы - Sputnik Кыргызстан
Памирлик кыргыздар

"10-февралдан — 10-мартка чейинки Улуу жана Кичи Памирде жашаган кыргыздарга медициналык жана материалдык жардам берүү боюнча экспедиция жасалып, ал жерден 5 үй-бүлөнү Кыргызстанга көчүрүп келүү маселеси чечилет", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, Чоң Алай районунун жергиликтүү бийлиги тарабынан көчүп келе турган памирлик кыргыздар үчүн 20 гектар жер бөлүнгөн. 

"Афганистанга кирип, дароо беш үй-бүлөнү көчүрүп кетүү мүмкүн эмес. Ал үчүн бир топ документтер зарыл. Эки мамлекеттин ортосунда этникалык кыргыздарды көчүрүү боюнча атайын келишим түзүү керек. Бул жаатта 2015-жылы Афганистанга кат жиберип, бүгүнкү күнгө чейин алар тараптан жооп ала элекпиз", — дейт миграция кызматы.

Ош — Хорог. Дүйнөдөгү эң кооз жолдордун биринин көрүнүшү
Эске сала кетсек 2008, 2013 жана 2014-жылдары этникалык кыргыздарга мамлекет тарабынан гуманитардык жардамдар жеткирилген. Анда алар түбү Чоң Алайдан болорун, Кыргызстанга көчүп келүүнү көздөй тургандыктарын билдиришкен. Жайында жайлоодо, кышында кыштоодо жүрүп памирлик кыргыздар паспорт алышкан эмес. 2014-жылдан баштап Афганистанда Кыргызстандын элчилиги ачылып, мекеменин көмөгү менен бүгүнкү күндө памирлик кыргыздардын 80 пайызы афган паспорту менен камсыз болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0