ИИМ айдоочулардын эреже бузган сүрөттөрүн почта менен өздөрүнө жөнөтө баштады

Жазылуу
Март айынан баштап айдоочулардын жол эрежелерин бузганын каттаган комплекс расмий түрдө иштей баштады.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Социалдык тармактын пайдалануучулары Жол кайгуул кызматы жол эрежесин бузган сүрөттөрүн үй почтасына жибере баштаганын билдиришти.

ИИМдин башкы штабынын жетекчиси Бактыгул Абдыжалиев Sputnik Кыргызстан агенттигине бул маалыматты тастыктады. Ал өткөн жылдын соңунда ИИМ "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруунун алкагында тест режиминде Сокулук районунда видеокаттоо комплексин ишке киргизгенин эскертти.

"Марттан баштап аталган комплекс расмий түрдө иштей баштады", — деди Абдыжалиев.

Азырынча бир комплекс Сокулук районунда иштөөдө. Ал автоматтык түрдө жол эрежелерин каттап келет. Комплекс тийиштүү текшерүүдөн өттү. 

"Мында адам факторуна жол берилбейт. Эреже бузуулар почтага жөнөтүлөт. Эгер айдоочу унаасын башка адамдарга берсе, Жол кайгуул кызматын маалымдар кылууга өзү кызыкдар болот", — деди ИИМ өкүлү.

Анын айтымында, айдоочуларга бир күндө 1000ге чукул билдирүү жөнөтүлөт.

"Бир гана каттарды конверттерге сала турган түзүлүш жок болуп жатат. Аны менен ЖКК кызматкерлери алектенип жатат", — деди Абдыжалиев.

ИИМ мындан ары да аталган долбоорду өз күчү менен ишке ашырууну уланта берерин белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0