Электр энергиясы үчүн болгон пансионаттардын карызын "Кырк чоро" өндүргүсү келет

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Көлдүн боюндагы пансионаттардын бири. Архив
Ысык-Көлдүн боюндагы пансионаттардын бири. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кырк чоро" коомдук бирикмеси Ысык-Көлдөгү ири карызы бар пансионаттарга карызын төлөө үчүн бир ай мөөнөт берип жатат.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Эгер 30 күндүн ичинде карызкор пансионаттар карыздарынан кутулбаса, "Кырк чоро" коомдук бирикмеси өз аракеттерин көрө турганын бирикменин жетекчиси Замир Көчөрбаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Көчөрбаев мындай аракетке "Чыгышэлектр" ишканасынын кайрылуусунан улам барып жатканын айтат.

"Чыгышэлектро" ишканасынын кайрылуусунун негизинде ушундай чараларды көрүп жатабыз. Алар өздөрү коомчулуктан жардам күтөбүз деп жатышпайбы. Кызматкерлер барышса аларды киргизбей, кандайдыр бир коркутуп, үркүтүп жатышыптыр. Аларга ишкана чара колдоно албай жатыптыр", — дейт ал.

"Кырк чоро" коомдук бирикмеси өз аракеттерин жалпыга маалымдоо каражаттары менен бирге ишке ашырарын айтат. 

Премьер-министр Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариев энергокомпания жетекчилерин иштен кетирем деп коркутту
Учурда ишканага чоролордун атынан расмий кайрылуу жасалып жатканын Көчөрбаев билдирип, кайсы эс алуу жайларынын карызы бар жана аларга карата буга чейин кандай аракеттер көрүлгөнү боюнча так маалыматтарды ала турганын кошумчалады.

"Чыгышэлектр" ишканасынын башкы директору Бакыт Сыдыков "Кырк чородон" жардам берүү боюнча сунуш түшө электигин айтты. Эгерде түшүп кала турган болсо андан баш тарта турганын билдирди.

"Бул коомдук бирикме болуп жатпайбы. Алар бизге кандай жардам берерин түшүнбөй турам. Биздин өзүбүздүн бул иштерге жооптуу курам бар, ошолор иш алып барсын. Эгер алып барбаса мен башкы директор катары чараларды көрөм", — деди ал.

Сыдыков "Кырк чоронун" өкүлдөрү "Чыгышэлектрдин" кызматкерлери кандай текшерүүлөрдү жүргүзүп жатканын байкаса болорун кошумчалады.

"Чыгышэлектр" ишканасынын башкы директору ошондой эле, учурда пансионаттар электр энергиясы үчүн 34 миллион сомго карыз экенин, анын 20 миллиондой сому боюнча сот иштери жүрүп жатканын белгиледи.

"Өкмөт бизге 1-майга чейин бардык пансионаттарга акылдуу эсептегичтерди орнотуп, карыздарды өндүрүү боюнча талап койду. Эгер кимде ким сезон башталганга чейин карызын төлөбөсө, ага электр энергиясы берилбейт", — деди Сыдыков.

Бул иштер облустук администрация, Мамэкотехинспекция менен биргеликте жүзөгө ашырылат. 

"Кырк чоро" коомдук бирикмеси буга чейин борбор калаадагы сауналардагы сойкуканаларды аныктоо боюнча рейддерди жүргүзгөнү жана башка аракеттери менен белгилүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0