Баасы жогорулатылган дары сатып алганы үчүн Улуттук госпиталга кылмыш иши козголду

Жазылуу
Башкы прокуратура мыйзамсыз аракеттерден улам Улуттук госпиталь өлкө казынасын 1,9 миллион сом чыгашага учураткан.

БИШКЕК, 1-март. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталь жогорулатылган баада дары-дармек сатып алып, мамлекетке эки миллион сомго чукул зыян келтиргенин Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган госпиталь жеке ишканалардын биринен курамында лидокаин каражаты бар дарынын бир флаконун 120 сомдон сатып алып, жалпысынан 2,4 миллион сом сарптаган. Ал эми башка ишкана аталган дарынын бир флаконун 21,5 сомдон сунуштаган. 

Россиянын Мамлекеттик Думасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБ аймагында контрафактылык дары-дармектерге бөгөт коюу аракети башталды
Мындан тышкары, Улуттук госпиталь дагы бир компаниядан бир ампуласы эки сомго бааланган 10 миң коробка лидокаин сатып алган. 

Алдын ала маалымат боюнча мыйзамсыз аракеттерден улам мамлекетке 1,9 миллион сом зыян келтирилген. Бул факт боюнча Башкы прокуратура 304 жана 306-беренелердин негизинде ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген келишим түзүү") кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0