Бишкекте жалаң Кыргызстанда жасалган буюмдар сатылчу дүкөн ачылды

© Гүлнара КачагановаДүкөндөгү кыргызстандык дизайнер-мастерлердин колунан чыккан буюмдар
Дүкөндөгү кыргызстандык дизайнер-мастерлердин колунан чыккан буюмдар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүкөнгө кыргызстандык дизайнер-мастерлердин колунан чыккан буюмдар коюлат.

БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Борбор калаада жалаң Кыргызстанда жасалган буюмдар сатылчу дүкөн ачылганын анын ээси Гүлнара Качаганова билдирди.

Анын айтымында, дүкөн февраль айынын аягында ачылып, кыргызстандык дизайнер-мастерлердин колунан жаралган зер буюмдардан тартып, адеми кийимдерге чейин коюлган.

© Гүлнара КачагановаБорбор калаада жалаң Кыргызстанда жасалган буюмдар сатылчу дүкөн ачылды
1/3
Борбор калаада жалаң Кыргызстанда жасалган буюмдар сатылчу дүкөн ачылды
© Гүлнара КачагановаДүкөн февраль айынын аягында ачылып, кыргызстандык дизайнер-мастерлердин колунан жаралган зер буюмдардан тартып, адеми кийимдерге чейин коюлган
2/3
Дүкөн февраль айынын аягында ачылып, кыргызстандык дизайнер-мастерлердин колунан жаралган зер буюмдардан тартып, адеми кийимдерге чейин коюлган
© Гүлнара КачагановаКачаганова чакан дүкөндүн максаты кыргызстандык кол өнөрчүлөрдүн буюмдарын сатуу экенин айтат.
3/3
Качаганова чакан дүкөндүн максаты кыргызстандык кол өнөрчүлөрдүн буюмдарын сатуу экенин айтат.
1/3
Борбор калаада жалаң Кыргызстанда жасалган буюмдар сатылчу дүкөн ачылды
2/3
Дүкөн февраль айынын аягында ачылып, кыргызстандык дизайнер-мастерлердин колунан жаралган зер буюмдардан тартып, адеми кийимдерге чейин коюлган
3/3
Качаганова чакан дүкөндүн максаты кыргызстандык кол өнөрчүлөрдүн буюмдарын сатуу экенин айтат.

Качаганова чакан дүкөндүн максаты кыргызстандык кол өнөрчүлөрдүн буюмдарын сатуу экенин айтат.

"Мага окшогон чыгармачыл адамдар колунан чыккан буюмдарын сата албай келет. Андыктан биздин максат — жергиликтүү кол өнөрчүлөрдүн эмгегин башкаларга көрсөтүү", — дейт ал.

Качаганова бул жерге кийим-кече, зер буюмдардан тышкары Кыргызстанда жасалган азык-түлүктөр дагы келечекте сатыла турганын айтат.

"Келечекте бал, курут, сүзмө сыяктуу азык-түлүктөрдү да коебуз. Азырынча сувенирлер кийимдер сыяктуу бузулбаган нерселерде сатыкка койдук", — дейт ал.

Ак-калпак күнүн майрамдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ак калпак күнү "Көктөм шаңы" менен коштолот
Мурда бары кийим алуу үчүн "Дордойго" барышса, азыр көп адамдар нукура таза кездемеден жасалган кийимдерди сатып алууга ыктап калганын Качаганова белгилейт. Шаардыктарда "Кыргызстанда жасалган кийимдерди алалы, жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдойлу" деген сезим пайда болгонун, бул жакшы көрүнүш экенин айтат.

Андан сырткары дүкөндүн ачылышын "Өзүбүздүкүн сатып ал" коомдук уюмунун жетекчиси Бакыт Дегенбаев биринчилерден болуп колдогонун ал кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0