Бишкек мэриясы WhatsApp аркылуу таштанды боюнча дооматтарды кабыл алууну жандантты

© Sputnik / Табылды КадырбековУюлдук телефондогу WhatsApp тиркемеси. Архив
Уюлдук телефондогу WhatsApp тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Доо-арыздарды район акимдеринин орун басарларынын телефонунан жөнөтүүгө болот.

БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Бишкек мэриясы таштанды тууралуу дооматтарды WhatsApp аркылуу кабыл алууну жандантканын муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Жаз мезгилинин келиши менен мэрия шаардык райондук администрацияларынын жетекчи орун басарларынын телефон номерлерин жарыялайт.

Эми шаар тургундары жыйналбаган акыр-чикир тууралуу так даректи көрсөтүү менен сүрөт жана башка маалыматтарды төмөнкү телефон номерлери аркылуу жибере алышат:

  • Азимбаев Мирлан Абылкаирович (Ленин району) — (0556) 25-05-82;
  • Айгүл Мусаева (Октябрь району) — (0554) 95-55-09;
  • Руслан Шарапов (Биринчи Май району) — (0558) 33-66-40;
  • Сагынбек Шакитов (Свердлов району) — (0773) 56-73-70.

Жаңылыктар түрмөгү
0