Аким: Раппопорт аллеясында бактарды жапырт кыюу боюнча чечим чыга элек

© Sputnik / Сергей Субботин / Медиабанкка өтүүРаппопорт аллеясы. Архив
Раппопорт аллеясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Имангазиев мындай чечим кабыл алынган күндө да бактардын куурап жана зыяндуу деп эсептелген 60-70 пайызы гана кыйыларын белгиледи.

БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Раппопорт аллеясында бактарды кыюу боюнча акыркы чечим кабыл алына электигин Sputnik Кыргызстан агенттигине Ысык-Көл районунун акими Раимбек Имангазиев билдирди.

Буга чейин айрым маалымат каражаттарында аллеядагы бактар толугу менен кыйылары айтылган. Аким мындай сунуш Тамчы — Корумду унаа жолун кеңейтүү зарылдыгынан улам келип чыкканын тактады. Мында 1934-жылы отургузулган бактар жол кыймылы үчүн кооптуу экени эске алынган. 

© Sputnik / Сергей Субботин / Медиабанкка өтүүРаппопорт аллеясы
Тополиная аллея вдоль береговой полосы озера Иссык-Куль - Sputnik Кыргызстан
Раппопорт аллеясы

Имангазиевдин айтымында, бул маселе үстүндө учурда Улуттук илимдер академиясынын комиссиясы иштеп жатат. 

"Эксперттик корутунду чыккан соң кийинки кадамдарыбыз белгилүү боло баштайт. Эгер кыюу тууралуу чечим чыкса, куураган жана кооптуу деп эсептелинген бактар кыйылат. Бул 60-70 пайызды түзөт", — деди аким.

Район башчысы жакынкы беш жыл аралыгында бактарга тийбөө сунушу да айтылып жатканын белгиледи.

"Бирок кандай болгон күндө да куурагандарын четинен кыя баштоо керек", — деди Имангазиев.

Зеленстрой ишканасынын жумушчусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекти жайга карата жашылдандыруу иштери башталды
Аким эгер бактар кыйылып калса көчөт отургузуу маселеси да карала турганын кошумчалады. Эксперттер өз корутундусун ушул жуманын аягына чейин бериши керек.

Раппопорт аллеясы — Чолпон-Ата шаарынан Бактуу-Долоноту айылына чейинки трассаны бойлой тигилген бактар. Бул жердин "Ала-Тоо" деген дагы бир аталышы бар.

Аллеянын узундугу беш чакырымды түзөт. Жолду бойлото терек жана кара жыгач бактар 1934-жылы жергиликтүү жылкы заводунун алгачкы директору Леонид Раппопорттун демилгеси менен тигилген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0