Министрлик: интернаттын балдары кадимки үйдө жашап жатышат

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүСүрөт тартып жаткан бала. Архив
Сүрөт тартып жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис үйдө жашаган балдарга толук кандуу тарбия берүүгө шарт түзүлөөрүн айтты.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Үй-бүлөлүк коломтонун илебинде тарбия берүү максатында, интернаттын балдары кадимки үйдө жашап жатышат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине караштуу үй-бүлөнү жана балдарды коргоо башкармалыгынын адиси Жаңыл Жумабаева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

"Сокулук районундагы Шопоков шаарында кадимки жер тамда мүмкүнчүлүгү чектелген сегиз бала жашап жатат. Анда бардык шарттар түзүлгөн", — дейт Жумабаева. 

Бала бакчадагы балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы бала бакчалар туурасындагы жети факты
Адистин айтуусунда, балдарга мындай шарттарды түзүү менен аларга толук кандуу тарбия берүүгө жол ачылат. Буга ылайык, үй-бүлөлүк типтеги балдар үйүн көбөйтүү министрликтин алдыга койгон эң чоң максаттарынын бири болуп турат. 

Аталган үй мэриянын балансында болсо, каржылоо Өнүгүү министрлиги тарабынан ишке ашып жатканын Жумабаева кошумчалады. 

Республика боюнча үй-бүлөлүк типтеги эки гана балдар үйү бар. Анын бири жогоруда айтылган Шопоков шаарында жайгашса, экинчиси былтыр Кадамжайда ачылган. Анда мүмкүнчүлүгү чектелген эмес, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар тарбияланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0