Айылга кат. Жылдыз Жолдошованын пахта талааларына, киндик кан тамган Мадыга болгон сагынычы

© из семейного архива Жылдызкан ДжолдошевойЭкс-депутат, коомдук ишмер Жылдыз Жолдошова. Архив
Экс-депутат, коомдук ишмер Жылдыз Жолдошова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
35 жашында жесир калып жети баланы тарбиялаган аял, учу-кыйырсыз пахта талаалары, азыр чоң эне болсо деле тестиер кездеги “кызылдар”, “душмандар” оюнуна болгон сагынуу.

Кат жазуу жан дүйнөнүн тазарышы, сагынычтын бөксөрүүсү, ички дүйнөдө катылган сырлардын ачылышы деген экс-депутат, коомдук ишмер Жылдыз Жолдошованын кат жазуу кезеги келди. Бул катты айтмакчы, бүгүн ал айылына учуп баратып жазды. 

"Туулган жердин топурагы алтын" деген сөздөрдү жаш чагыбыздан уксак да, ага анча маани берчү эмес экенбиз. Көрсө, туулган жериң, балалык чагың өткөн айылың касиеттүүнүн касиеттүүсү экенин эс тартып, чоңоюп окууга кеткениңде, башка өлкөлөрдө жашаганыңда, өзгөчө, алыска турмушка чыкканыңда түшүнүп, баалайт экенсиң. Албетте, ар бир инсан өз айылын өзгөчө сагынаары талашсыз.

© из семейного архива Жылдызкан ДжолдошевойЖылдыз Жолдошованын айылдагы өспүрүм курагы(сол жактан үчүнчү)
Экс-Депутат Жогорку Кенеша Кыргызской Республики V созыва Жылдызкан Джолдошева  - Sputnik Кыргызстан
Жылдыз Жолдошованын айылдагы өспүрүм курагы(сол жактан үчүнчү)

Мен Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Фрунзе колхозунда төрөлдүм. Атабыз эрте каза болуп, апам жетөөбүздү жалгыз чоңойтту. 1967-жылы 8-классты бүтүп, Фрунзе шаарындагы Автожолдор боюнча техникумга тапшырып, борбор калаабызга келген алгачкы жылдары айылыма кусам артып кетти. Апамды, анын мээримдүү колу жапкан ысык нанды, сары майга аралаштырып берген "мыкчымасын", бир туугандарым менен күнүгө ойногонубузду сагынар элем. Эсимде… шахмат менен шашкини катырат элек. Анан да пахта талааларын сагынчумун. Классташтарым, айылдаш кыздар, балдар болуп ак чөлмөк ойнойт элек. "Кызылдар" жана "душмандар" деген кызык оюн бар эле, эмне кылсаң да, чек арадан өтүп каршылаштардын байрагын илип алып, өзүңдүн командаңа жеткиришиң керек деген талап болчу. Жеңилип калгандар, "Жылдыздын бою да, буту да узун, арышы өтө чоң, ал эми көпчүлүгүбүздүн боюбуз кыска, ал бир да командага кирбесин" деген талаптарын коюшчу. Ал кезде ызалансам, кийин дал ошол күндөрдү сагынчу болдум. 

Отуруп алып айылдаштарыма, классташтарыма, бир туугандарыма кат жазган соң гана, сагынычым аз да болсо таркагандай болчу. Кийин Москвада, андан соң Прибалтикада жашап калдым. О-о-о, ошондогу сагынычтарды керек болсо сөз менен эмес, ыр менен жеткире албайт элем.

Ааламга аттанган 40 жыл

Эл артисти Керим Турапов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эл артисти Керим Тураповдун "Айылга каты". Айылга барган сайын күчөгөн сагыныч
Бүгүн, 28-февраль Ошко учуп жатам, айылымдан кеткениме 40 жыл болуптур, бирок, азыркыга чейин сагынганым сагынган. Аэропортто олтуруп, эс тарткан учурдан баштап бүгүнкү мезгилге дейре өткөн эсте калаарлык окуяларды кайрадан көз алдымдан өткөрдүм. Атамды эстебеген бир да күн болгон эмес, атанын жытына тойбой калганым, "ата" деген ыйык сөздү жети жашымдан айтпай калганым, ошондой эле биздин жетишкен ийгиликтерибизди көрбөй калганы өкүндүрөт. Ал эми апам 35 күлгүн жашында жесир калып, жетөөбүздү жалгыз чоңойтуп, баарыбызга билим берип, турмуш жолуна татыктуу узаткан эмгектерин канчалык бааласак дагы, жетишээрлик жооп кайтара албадык, себеби апамдын жаштык курагын кайтарып бере албайбыз…

Айылым илгери чаңга бөлөнгөн, пахта талаалары жайнаган, суусу шаркырап агып турган, талаалары кенен, тал, терек, тыттар өскөн айыл болчу. Азыр шаарга айланган, баягы кенен талаалар жок, анын ордуна заңгыраган үйлөр салынган, жолдору асфальт, мектептери, ооруканалары заманбап. Айылымдын өзгөрүшүнө, менин да депутат катары салымым чоң болду, бирок мен мурунку айылымды сагынам…

Окуп жүргөн күндөрүмдө аябай шок элем, мугалимдеримен дайыма таяк жесем да, шоктугум калган жок. Айтканымдан кайтпаган өжөр элем, аттиң… мени окуткан агай-эжелерим азайгандан азайып баратышат, мен ошолорду сагынам…

Кат жазуу — жан дүйнөнүн тазарышы, сагынычтын бөксөрүүсү 

Кат жазуунун өзү — жан дүйнөнүн тазарышы, сагынычтын бөксөрүүсү, ички дүйнөдө катылган сырлардын ачылышы. Кат аркылуу сүйүүңдүн тереңдигин түшүндүрө билген өзгөчө туюм экенин мен кийинчирээк түшүнүп калдым. Тилекке каршы, азыркы жаштар, ошол кезде биз жазган каттарды жазбайт. Азыр биз да кат жазбай калдык, кат жазган кандай жакшы…

Мына, самолетко олтурдук, азыр учабыз, мен айылыма баратам, апа, сени сагындым, бир туугандарым, классташтарым, курбуларым, жердештерим — баарыңарды сагындым. Эч качан "Ош окуясы" кайталанбасын, өлкөбүздө тынчтык болсун. 

ЖК депутаты Чыныбай Турсунбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айылга кат. Кат жазган муундун өкүлү Чыныбай Турсунбековдун айылы
Мени жарык дүйнөгө алып келген, "а-а" деген алгачкы үнүмдү уккан, бактылуу балалык тартуулаган, өспүрүм чагымдагы сырларымды билген, бой жеткендеги алгачкы аруу сезимиме күбө болгон, инсан катары мени калыптандырган, азыркы ушул даража жеткиргенге өзөк түзүп берген менин эң кымбат айылым, Сулайман-Тоом, Курманжан Датка энем жүргөн ыйык Мады айылым амансынбы? Сагындым сени, жашың өйдөлөгөн сайын айылыңа болгон сагынычың да катуу сагынычка алып келээрин жаш курагымда байкабаптырмын. Көрсө, киндик каның төгүлгөн жерге болгон сагынычың өзгөчө болот туура, ошондуктан мен сени айылым дайыма сагынам…, аман бол, мен тааныган, тааныбаган, жаңы төрөлө турган наристелер, силер аман болгула. Силер бар менин айылым кылымдарга жашай берет, мен аны билем жана ишенем…

Сиздерди урматтоо менен, 

Жылдыз Жолдошова.

Жаңылыктар түрмөгү
0