Кургак учукту дарылоо ыкмасы түп-тамырынан бери өзгөрөт

Жазылуу
Адистер Кыргызстанда кургак учукка каршы жардам көрсөтүүнүн тарыхый түптөлүп калган системасы өз натыйжасын бербей калды деп эсептешет.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Жалал-Абадда кургак учукту дарылоо жана аны аныктоо кызматынын сапатын жакшыртуу маселелери координациялык комиссиянын отурумунда талкуулана турганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, иш-чарага облустун ыйгарым өкүлчүлүгүнүн, Саламаттык сактоо министрлигинин, облустагы мамлекеттик администрациянын, мэрия, казыяттын, облус жана райондун үй-бүлөлүк борборлорунун өкүлдөрү катышат. 

"Отурумда Жалал-Абад облусундагы кургак учук менен ооругандарга амбулатордук үлгүдө дарылоону жайылтуу менен медициналык-санитардык кызматтардын сапатын жакшыртуу маселелери, ошондой эле 2016-2025 жылдарга кургак учукка каршы кызматынын системасын мындан ары өнүктүрүүнүн Жол картасы боюнча негизги жоболор талкууланат", — деп айтылат билдирүүдө.

USAIDдин "Кургак учукту жеңебиз" долбоорунун амбулатордук дарылоо боюнча адиси Элмира Абдырахманованын айтымында мында дароо эле керебеттердин саны кыскарбайт. 

"Биз облустун райондору менен шаарларындагы дарыгерлерге тез диагностикалоонун ыкмалары боюнча маалымат берип, тийиштүү жабдыктар менен камсыздадык. Амбулатордук үлгү бейтапкана, ооруканага жатып дарыланбастан, күндөлүк жашоосун мурдагыдай эле өткөрүп, атүгүл жумушунда иштей берүүгө шарт түзөт", — деди адис. 

Абдрахманова Кыргызстанда кургак учукка каршы жардам көрсөтүүнүн тарыхый түптөлүп калган системасы өз натыйжасын бербей калганын белгилеп, бейтаптын абалына көңүл бурган, жана экономикалык жактан натыйжалуу үлгү куруу максатында, өлкөдө кургак учукка каршы кызматты реформалоо зарылдыгы келип чыккандыгын кошумчалады. 

Аталган отуруму ушул муктаждыктан улам пландаштырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0