Кыргызстандык жаш патриоттор Россиядагы аскердик сынакта экинчи орунду ээлешти

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевДайыр Асановдун атындагы Кыргыз улуттук аскердик лицей. Архив
Дайыр Асановдун атындагы Кыргыз улуттук аскердик лицей. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Лицейчилердин слётуна бир катар мамлекеттердин өкүлдөрү катышты.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Советтер Союзунун баатыры Дайыр Асановдун атындагы Кыргыз улуттук аскердик лицейдин командасы аскердик сынакта экинчи орунду ээлегенин Башкы штабы билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 13-20-февраль күндөрү Россиянын чакыруусу менен кыргызстандыктар Пермь шаарында өткөн жаш партиоттордун эл аралык слётуна катышты.

Кыргызстандык сүрөтчү эл аралык сынактын финалына чыкты
Иш-чарага Кыргызстан, Армения, Кытай, Белоруссия, Казакстан жана Россиянын башка субъектилеринен 42 делегация катышты. 

10 күндүн аралыгында кыргызстандык лицейчилер чет өлкөлүк теңтуштары менен тактикалык, ок атуу жана медициналык даярдык, криминалистика, радиациялык-химиялык коргонуу, коргоочулук иш, өрт өчүрүү жана аскердик топография жаатында күч сынашты.

Экинчи орунду ээлеген кыргызстандык команда грамота, медаль, уюлдук телефон жана кубок менен сыйланышты. 

Мелдештен сырткары, катышуучулар үчүн маданий программа уюштурулуп, жаш патриоттор шаардын кооз жерлери менен таанышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0