Абдышүкүр ажы Нарматов Чикагодо баян курат

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүМусулмандар мечитте. Архив
Мусулмандар мечитте. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушуу Америкадагы мекендештердин демилгеси менен уюштурулууда.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Аалымдар кеңешинин жетекчиси жана Кыргызстандан Ислам Университетинин ректору Абдышүкүр ажы Нарматов Чикагодо мекендештер менен жолугаарын Kyrgyz Community Center фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Москвада аалымдар менен жолугушууга 14 миң кыргызстандык келди
Абдышүкүр ажы Америкадагы мекендештер менен дин тууралуу баян куруп, турмуштук суроолоруна жооп берет.

Жолугушуу Америка Ислам Университетинде 26-февраль күнү жергиликтүү убакыт менен 18:30да болот.

Иш-чара Америкадагы мекендештердин демилгеси менен уюштурулууда.

Кыргызстандан Ислам Университетинен билдиришкендей Абдышүкүр ажы Нарматов учурда эмгек эргүүдө жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0