Сариев энергокомпания жетекчилерин иштен кетирем деп коркутту

Жазылуу
Өкмөт башчы электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялардын жетекчилери менен жыйын өткөрүп, коюлган тапшырмаларды аткарбагандарга сөгүш жарыялады.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев бөлүштүрүү компанияларга электр энергиянын жоготуусун 12,5 пайызга төмөндөтүүнү тапшырды.

Бул тууралуу өкмөт башчы энергетика тармагындагы мамлекеттик ишканалар, электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялардын жетекчилери менен болгон жыйында билдирди.

Премьер-министр былтыркы жылы электр энергиясында жоготууларды азайтуу жана коррупциялык көрүнүштөрдү жок кылуу боюнча тапшырма коюлганын, бирок бул тапшырмалар толугу менен аткарылбаганына токтолду.

"Былтыр бөлүштүрүүчү компаниялардын алдына электр энергиясындагы жоготуулардын санын 14 пайызга чейин кыскартуу, дебитордук карыздарды азайтуу тапшырмасы коюлган. Бирок бул тапшырманы бир да компания толугу менен аткарган жок. Ошондуктан, компаниялар боюнча тийиштүү чечимдер кабыл алынат", — деди Сариев.

Премьер-министр бөлүштүрүүчү компаниялардын аймактарда "акылдуу эсептегичтерди" орнотуу, сатып алууларды ачык-айкын жүргүзүү жаатындагы ишинде бир катар кемчиликтер бар экенин билдирди. 

Электр белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Агенттик: электр энергиясынын баасы кымбаттабайт
Буга байланыштуу Улуттук Энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиевге "Түндүкэлектро", "Чыгышэлектро", Ошэлектро" жана "Жалал-Абадэлектро" ишканаларынын башчыларына сөгүш жарыялоону жана планды аткарбаган аймактык электр ишканаларынын жетекчилеринин кызмат ордуна ылайыктуулугу тууралуу маселени карап чыгууну тапшырды.

Муну менен катар быйылкы жылы бөлүштүрүү компанияларына жоготуулардын көлөмүн 12,5 пайызга түшүрүү жана бардык коммерциялык мекемелерге 2016-жылдын 1-июлуна чейин "акылдуу эсептегичтерди" орнотуу тапшырмасын берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0