Вице-премьер: балдар интернаттарын дароо жоюп салуу туура эмес

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүИнтернат балдары. Архив
Интернат балдары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кудайбердиева учурда өкмөт тарабынан үй-бүлө институтун өнүктүрүү боюнча атайы программа иштелип жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Баланын үй-бүлөдө чоңоюп өсүшүн эч нерсе алмаштыра албай турганын вице-премьер Гүлмира Кудайбердиева интернаттык мекемелерди жоюуга арналган тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, аталган мекемелер кароосуз калган балдардын кызыкчылыгын коргогон институттардын бири болуп саналат.

"Интернаттарды дароо жоюу туура эмес. Алгач балдар үчүн тийиштүү шарттарды түзүп беришибиз керек", — деди Кудайбердиева. 

Вице-премьер учурда өкмөт интернат менен балдар үйлөрүнүн иштөө системасын жакшыртуу жана балдарды окутуу, тарбиялоо үчүн шарттарды түзүүнүн өстүндө иш алып барып жатканын белгиледи.

"Үй-бүлө эң жогорку баалуулук. Ушу тапта үй-бүлө институтун өнүктүрүү боюнча өкмөт мамлекеттик программаны иштеп чыгууда", — деди ал. 

Атка минер аталган документ мамлекет үчүн стратегия болорун кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0