Түштүк Корея Кыргызстанда аз камсыз болгон жарандарга дары-дармек берди

© пресс-служба МИД КРКыргызстандын Кореядагы элчиси Аскар Бешимов кыргыз-корей достук ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугуу учурунда.
Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аскар Бешимов кыргыз-корей достук ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугуу учурунда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги эми бул дары-дармектерди калктын аялуу катмарына бөлүштүрөт. Кыргызстандын аталган мамлекеттеги элчиси менен Кореянын кайрымдуулук уюму ушундай макулдашууга келишкен.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Түштүк Корея Кыргызстанга жалпы суммасы 42 896 долларлык дары-дармектерди тапшырганын КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ок-дарылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын Башкы штабы Казакстан берген октор жараксыз болсо албайт
2016-жылы 25-февралда Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аскар Бешимов кыргыз-корей достук ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугуп, алар ньюкатин дарысын гуманитардык жардам катары Кыргызстанга берген.

Бул дары акыл-эсти жабыркаткан ооруларды дарылоодо жана кары адамдардын эске тутуусун жакшыртууда колдонулат. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги эми бул дары-дармектерди калктын аялуу катмарына бөлүштүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0