Бүгүн адал продукциялар жарманкеси башталат

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүАдал азыктар. Архив
Адал азыктар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарага 30дан ашуун компаниялардын азыктары коюлат.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында адал продукциялар жарманкеси өтөт. Бул туурасында Кыргызстан Халал индустриясын өнүктүрүү борборунун менеджери Эрмухаммад Мыктыбек Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

Жарманке 26-28-күндөрү Кожомкул атындагы спорт сарайында болот. 

Иш-чарага 30 дан ашуун компаниялардын продукциялары коюлат. 

"Иш-чарага катышуучуларды тандоо дыкат жүрөт. Адал болгон гана тамак-аш, эт, мөмө-жемиштер коюлат", — дейт Эрмухаммад Мыктыбек.

Мындан сырткары жарманкеде мусулман кийимдери сатыкка чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0