Бишкек — аэропорт "Манас" жолундагы жарык эки айга өчүрүлөт

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевБишкек — аэропорт "Манас" унаа жолундагы ремонт иштери. Архив
Бишкек — аэропорт Манас унаа жолундагы ремонт иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол үстү үч сантиметрлик калыңдыкта асфальтталып, экиге бөлүп турган сызыкчанын ортосуна атайын металл тосмолор дагы коюлат.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Бишкек — аэропорт "Манас" унаа жолундагы жарык эки айга өчүрүлөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

"Эл аралык "Манас" аэропортунун унаа жолуна 74,96 миллион сомго жарыктандыруу жабдыктары сатылып алынды. Аларды орноштуруу үчүн 1-марттан 30-апрелге чейин жолдогу жарыктандыруу жабдуулары өчүрүлөт", — деп айтылат маалыматта. 

"Манас" АКШдан калган транзиттик борбордун мүлкүн баалоо үчүн 2 млн. сом бөлөт
Жолдорду капиталдык ремонттон өткөрүү долбооруна ылайык жарык берүүчү жабдууларга жаңы тирөөчтөр коюлат. Алар жолдун эки тарабына тең орнотулары белгиленүүдө. 

Мындан сырткары жол үстү үч сантиметрлик калыңдыкта асфальтталып, экиге бөлүп турган сызыкчанын ортосуна атайын металл тосмолор коюлат.

Ал эми жарык эски жабдыктары 1-апрелден 15-апрелге чейин оңдоодон өткөндөн кийин бериле баштайт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0