17:08 24 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.6266
  • RUB1.0863
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстандын мамлекеттик желегине 24 жыл (9)
105220

Өзгөчө ыкма менен жасалган туу 3-мартта желек күнүнө карата атайын аукциондо сатылат. Андан түшкөн каражат Токмоктогу балдар үйүн оңдоого жумшалат.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Бишкектеги жогорку окуу жайлардын үч студенти – Айгерим Жумалиева, Айжамал Шамыратова жана Заман Турсунбеков желек күнүнө карата String art ыкмасы менен Кыргызстандын туусун жасашууда.

  • Бишкектеги жогорку окуу жайлардын үч студенти желек күнүнө карата String art ыкмасы менен Кыргызстандын туусун жасашууда
    Бишкектеги жогорку окуу жайлардын үч студенти желек күнүнө карата String art ыкмасы менен Кыргызстандын туусун жасашууда
  • Жаш художниктер буга чейин масштабдуу эмгектерди жасасак деп кыялданып келишкен
    Жаш художниктер буга чейин масштабдуу эмгектерди жасасак деп кыялданып келишкен
  • Тарых жана маданият жылынын урматына алар узуну 2,44 метр жана туурасы 1,52 метр келген желекти өзгөчө ыкмада жасоону чечишкен
    "Тарых жана маданият" жылынын урматына алар узуну 2,44 метр жана туурасы 1,52 метр келген желекти өзгөчө ыкмада жасоону чечишкен
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Өзгөчө ыкма менен жасалган желек Бишкектеги соода борборлорунун бирине көргөзмөгө коюлат
    Өзгөчө ыкма менен жасалган желек Бишкектеги соода борборлорунун бирине көргөзмөгө коюлат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Андан соң 3-мартта Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында аукциондо сатылат.
    Андан соң 3-мартта Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында аукциондо сатылат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 5
Бишкектеги жогорку окуу жайлардын үч студенти желек күнүнө карата String art ыкмасы менен Кыргызстандын туусун жасашууда

Жаш художниктер буга чейин масштабдуу эмгектерди жасасак деп кыялданып келишкен. "Тарых жана маданият" жылынын урматына алар узуну 2,44 метр жана туурасы 1,52 метр келген желекти өзгөчө ыкмада жасоону чечишкен.

"Буга чейин String art ыкмасы менен майда иштерди жасап келгенбиз. 2016-жылды президентибиз "Тарых жана маданият" жылы деп жарыялагандыктан биз да өзгөчө бир нерсе жасагыбыз келди. Ошентип желекти жасоону чечтик", — дейт Турсунбеков.

Ал желекти жөн жерден тандап алышпаганын айтат. Себеби, жаштар жана орто муун менен улуу муундагылар деле желектин тарыхын билишпейт. Аларга мамлекеттик атрибут болгон желектин тарыхын эстетип, аны дайыма илип жүрүүсү үчүн ушундай ишти башташкан. Андан сырткары административдик имараттарда түрдүү желектер илингендиктен баштапкы эскиз боюнча желек кандай болуусу керектигин башкаларга көрсөтүп, желекти да туура тандоону жеткиргилери келгенин кошумчалады.

"Биз байкап көрсөк көпчүлүк жерде, анын ичинде административдик имараттарда түрдүүчө жасалган желектер илинет экен. Ар ким өзү каалагандай жасайт экен", — дейт ал. 

Өзгөчө ыкма менен жасалган желек Бишкектеги соода борборлорунун бирине көргөзмөгө коюлат. Андан соң 3-мартта Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында аукциондо сатылат. Аукционго ишкерлер жана башка кишилер чакырылган. Иш чаранын уюштуруучуларынын бири Мээрим Абдрахманова аукциондон түшкөн каражат Токмок шаарындагы балдар үйүн оңдоого жумшаларын айтат.

String art ыкмасы менен жасалган желектин баштапкы баасы миң доллар.

Тема:
Кыргызстандын мамлекеттик желегине 24 жыл (9)

Тема боюнча

Кыргызстандык кол өнөрчүлөр "Дүйнөнүн мобилдүү кубогунда" үчүнчү орунду ээлешти
Кыргызстандык уздар италиялыктарды таң калтырууда
Белгилер:
студенттер, желек, кайрымдуулук, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ