"Орел и решка" шоу-программасына окшош берүү Кыргызстанда тартылды

© Фото / Сергей Ершов"Каракол" тоо лыжа базасы. Архив
Каракол тоо лыжа базасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Даярдалып жаткан берүү Кыргызстандагы кышкы туристтик маал туурасында жасалмакчы.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Каракол шаарында Кыргызстандагы кышкы туристтик маал туурасында "Орел и решка" шоу-программасына окшогон берүү жасалат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине "Места обитания" деп аталган долбоордун жетекчиси Александр Малышев кабарлады.

"Орел и решка" эфирге чыгып, ал кыргызстандыктардын нааразы болгон пикирлерин жараткандан кийин өлкө туурасында жакшы бир сюжет тартууну көздөп жатабыз. Макулдашуунун негизинде биз телеканалга бекер берүү тартабыз да, алар биздин видеодолбоор үчүн эфирдик убакыт бөлүп берет", — деди Малышев. 

Сюжетти тартуу бир жума мурда башталган, дагы үч күндүк иш калды. Андан кийин тартылган материалдар монтаждалмакчы. 

Жергиликтүү тургундардын бул "Орел и решка" шоу-программасын деп ойлоп алышкандыгын Малышев, "алардын бир катарлары алгач, бизди түшүнбөй калышкан окшойт" деди. 

"Биз аларга бул башка программа экендигин айттык", — деп билдирди долбоордун жетекчиси.

"Орел и решка" — саякат жөнүндө жасалган таанып билүүчү программа. Анын ар бир чыгарылышында эки саякатчы бир өлкө же шаар тууралуу баяндап беришет. Анын бирөөсүнүн чөнтөгүндө болгону 100 доллар болсо, экинчисинин чыгымына чек коюлбайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0