Сариев: жоокерлердин тартибине жогорку офицердик курам жоопкер

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министры Кыргызстана Темир Сариев принял Мамбетова Турдубека
Премьер-министры Кыргызстана Темир Сариев принял Мамбетова Турдубека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сариев өлкө чек арасындагы коопсуздукту сактоо өкмөттүн эң башкы милдеттеринин бири экенин белгилеп, акыркы жылдары буга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын билдирди.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Чек аранын өздүк курамындагы тартипти камсыз кылуу үчүн жогорку офицердик курамдын жоопкерчилигин күчөтүү зарыл экенин премьер-министр Темир Сариев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөмбиевди кабыл алууда билдирди.

Чек арачылар майрам күнү КР жаранына 100 баш малын кайтарып беришти
Жолугушуунун жүрүшүндө Дүйшөнбиев Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине кошулуусунун алкагында мамлекеттик чек аранын бажы көзөмөлү алынган өткөрмө бекеттеринде аткарылып жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Сариев өлкө чек арасындагы коопсуздукту сактоо өкмөттүн эң башкы милдеттеринин бири экенин белгилеп, акыркы жылдары буга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын билдирди.

"Биз чек араны бекемдөө менен өлкө жана жарандарыбыздын коопсуздугун бекемдей алабыз. Чек ара кызматы өзүнө жүктөлгөн зор жоопкерчиликти толугу менен түшүнүп, ыкчам жана жоопкерчиликтүү иш алып барышы керек", — деди өкмөт башчы.

Ошондой эле премьер-министр Чек ара кызматынынын өздүк курамынын даярдыгын чыңдоо, моралдык-психологиялык климатты жакшыртуу боюнча ишти күчөтүүнү тапшырып, курамдагы тартипти камсыз кылуу үчүн жогорку офицердик курамдын жоопкерчилигин күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Дүйшөнбиев өлкө чек араларында абал туруктуу экенин билдирип, учурда чек ара тосотторун видео көзөмөл менен камсыз кылуу, техникалык базаларын күчөтүү жана унаалар менен камсыз кылуу боюнча иштер жүрүп жатканын маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0