10:23 16 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8482
  • EUR78.0693
  • RUB1.1166
Эне. Архив

"Памперс", буламык, баатыр энелер айылы: уят өлүмдөн катуу эмеспи?

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
114030

Профессордун пикиринде акча, мансап, туристтик эс алуулар сыяктуу баалуулуктардын саны көбөйгөн сайын көп балалуулардын саны азая берет. Ал эми баатыр эненин бакыты анын кулк-мүнөзүнө байланыштуу экенин айтат.

БИШКЕК, 25-фев. – Sputnik. "Баласын ажатканага таштап кетти", "15 миң сомго сатты", "бирөөнүн короосуна таштап кетти", "сабап өлтүрдү" деген жаңылыктар фронттон келген кабардай эле ырбады. Энелерин суракка алганда жыргал жашоодон ошондой кадамга барбаганын айтышат. 

Бирок, илгери деле оор заман болгон да. Анда эмнеге баатыр энелердин саны арбын келип, таштанды балдардын саны аз болгон? Бул суроого Sputnik Кыргызстан жооп издеп көрдү.

"Илгери баласын, ата-энесин таштап кеткен адамдар эл бетин карай алган эмес. Себеби, коомчулук андай адамдарды уяткарып, керек болсо айылдарынан көчүрүп да жиберишкен. Мындан улам коомчулуктун аң-сезиминде "уят өлүмдөн катуу" деген түшүнүк орноп калган. Азыр андай нерсе жок. Ошон үчүн жаштар "боло берет турбайбы" деп, туура эмес кадамдарды жасап жатышат", — дейт 73 жаштагы Сагын эне. 

Ал чоң турмуш сересине алгачкы кадамын 17 жашында шилтеген. Мектеп кезинен тарта ата-энесинен ажыраган секелек кыз интернатта окуп жүрүп алгачкы сүйүүсүнө жолугат. Анда ал 15 гана жашта эле. 

Ата-энелер балдары менен. Архив
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Арадан эки жыл өтүп, 17 жашка толгон беш көкүл Сагын эне сүйктүүсүнүн колун кармап чоң турмушка аттанат. Үйдө келиндик милдетин аткарып, жаш курагына карабастан уй саап, тамак жасап, курбулары менен талаада тамекиде иштей баштайт. 

Көчөт кыздын жолдошу үйдө жалгыз уул болгондуктан кайненеси "айланып кетейин, төрө, жалгыз уулга ишенүү болбойт. Турмуш деген татаал, тун уулуңдан ажырап калсаң эмне кыласың", — деген кебинен улам төрөй берип, 36 жашында көкүрөк күчүк 10чу баласын көрөт. 

Ал убакта азыркыдай эненин колун узарткан "памперс", даяр буламыктардын түрлөрү болбогондуктан, бардык ишти колго жасоого туура келген.

"Илгерки замандын келиндери чыдамкай, ден соолуктары бекем болгон, азыркылар алсыз деген кепке кошулгум келбейт. Жашоо шарттын оордугуна байланыштуу, айрыкча келиндердин түйшүгүнүн көптүгүнөн улам, ооругандардын саны ошондо эле көп болгон. Жаштай кезинен каза болгон келиндердин саны канча болду. Кышкысын таштай муздак сууга кир чайкап, ичеги арткан адам оорубаганда ким оорумак эле? Илгерки адамдар ооруган эмес деген пикир жаңылыштык. Болгону, алар эмгекчил жана чыдамкай келишкен. Ал эми азыркы заман жыргал заман. Жашоо үчүн бардык шарттар түзүлүп калды", — дейт Сагын эне. 

Философия илимдеринин доктору, профессор жана аялзат, үй-бүлө боюнча изилдөөлөрдү жүргүзгөн Мариям Эдилова так ушул жашоонун жеңилдеши бала баалуулугунун басаңдашына алып келгенин айтат. 

"Илгерки адамдар жөнөкөй, жупуну жашоого ыраазы болуп жашашкан. Азыр болсо карьера, акча, мансап, туристтик эс алуулар сыяктуу баалуулуктардын саны көбөйүп, бала эң негизги баалуулук болбой калды", — дейт Эдилова. 

Анын айтуусунда, илгери бир бала жок бала, эки бала бир бала деп эсептелип, бала эң кымбат баалуулук болгон. Адамдар жашоосун баласыз элестете алышкан эмес. Ал эми азыркы учурда карьеранын артынан кубалап, 30-35 жашка чыкканча үй-бүлө курууга шашпагандардын саны акырындап көбөйүп жатканын профессор кошумчалады. 

"Жаңы баалуулуктардын саны көбөйгөн сайын, көп балалуулардын саны ушинтип азая берет", — дейт ал. 

Мындан сырткары профессордун пикири боюнча, эгер адамдар өз жашоосун пландаштыра албай балдар кароосуз калып жатса, анда мамлекет кийлигишүүсү зарыл. Ал үчүн үй-бүлө куруу, бала багуу тууралуу сабактар киргизилиши керек. 

Ал эми баатыр эне адам бактылуу болгусу келсе, өзүнүн кулк-мүнөзүн оңдоп коюу жетиштүү дейт. 

29 небере, төрт чөбөрөлүү эне жаңы келин болуп келгенде, жолдошу, кайненеси, кайнатасы болуп кичинекей эки бөлмөлүү үйдө жашашкан. Куттуу коломтого балдары, коноктору дагы батып, үйдүн тардыгы сезилген эмес. Мейман келгенде балдар өздөрү эле билип сыртка чыгып, иштерин жасашкан. Мындай тарбияга айылдын балдарынын бардыгы көнгөн экен.

"Үйүбүз тар деп, конок келсе кабак-кашты эч бүркөбөдүм. Үй-бүлөбүздө казан-аяк кагышкан жок деп мактана алам. Кайненемди өз энемдей көрүп, эч качан сөз кайрыган эмесмин. Эми бактылуу карылык күнүн кечирип отурам. Муну айтып жатканымдын себеби, кулк-мүнөзү жакшы адамдын тагдыры да жакшы болот. Кудай колдоп, жолуң ачыла берет. Ичи тар, кабагы карыш бүркөлгөн адамдардын жыргап кеткенин көргөн жокмун. Мүнөзү начарлардын тагдыры деле тайкы болуп калат экен", — дейт Сагын эне.

Баатыр эненин айтуусунда, үй-бүлөдө балдардын саны онго жакындап калганда жолдошу төрт бөлмөлүү үй куруп, кубандырган. Учурда балдарынын бардыгы өзү менен өзү болуп, буттарына турушкан. 

Баатыр энелер айылы 

Таластагы Сагын эне жашаган "Хан-Бүргө" айылында баатыр эне аттыккан замандаш 14 курбусу болгон. Учурда алардын айрымдары дүйнө салып, аралары суюлуп кетти. 

Эненин эскерүүсү боюнча баатыр энелер арасында дагы өзгөчө Баатыр эне наамына татыктуулар болгон. 

"Айылдаш курбуларымдын биринин 10 баласы бар эле. Кийин, өз кызынын турмуш жолу кыйындап калган маалда анын баласын өзүнө жаздырып, багып жүрдү. Мындай көрүнүштөр көп эле болгон. Кароого такыр эле шарты жок болуп калгандардын балдарын тууган-туушкандары көчөдө калтырбай багып алышчу. Азыр болсо ата-энеси жокторду туугандары карабай, балдар үйүнө жеткирип жатышпайбы", — деп айтып берди Сагын эне.

Өткөн менен учур чактын оош-кыйыштарын салыштырган чоң апанын айтуусунда, илгери ата-энесин, баласын таштап кеткендер эл бетин карай алган эмес. Себеби, коомчулук андай адамдарды уяткарып, керек болсо айылдан көчүрүп жиберишкен. 

Учурда коомчулук соту басаңдап, коңшулар бири-бири менен катышпай калгандыктан, никесиз боюнда болгондорго, наристелерин таштап кеткендерге кош көңүлдүүлүк орноп калды. Мындан улам өсүп келе жаткан жаштардын түпкү аң-сезиминде "боло берет" турбайбы деген түшүнүк орноду. Эгер мурдагыдай эле "уят өлүмдөн катуу" болгондо, жаштар мындай кадамга баруу туура эмес экенин так билишмек экенин Сагын эне үшкүрүү менен айтып жатты.

Каалабаган кош бойлуулуктан сактануу үчүн кыргызстандыктар кайсы каражатты колдонушат бул жөнүндө Sputnik инфографикасында көрүңүз>>

Белгилер:
ырыскы, турмуш, "Баатыр эне", бала

ЭҢ МААНИЛҮҮ