ИИМдин өкүлү: Россияда кыздарды кордогон "патриот" деген топ жок

Жазылуу
Кыздарды жөнөкөй мигрант балдар эле оюна туура келип кордоп жатат дейт Аскат Алиев.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Россияда өздөрүн "патриот" деп атаган атайын түзүлгөн топ жок. Бул тууралуу Кыргызстандын ИИМинин Россиядагы өкүлү Аскат Алиев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Эске салсак, февраль айында интернет булагына кыргыз жигиттери эки кызды башка улуттун өкүлдөрү менен мамиле курдуңар деп айыптап, суракка алып жаткан видео тараган. Аларды коомчулук, "патриот" тобу деген ат менен таанышат.

"Россияда кыздарды кордоо менен алектенүүнү максат кылган атайын түзүлгөн топ жок. Ал эми интернетке чыккан видеодогу балдар жөнөкөй мигранттар. Алар кыздарды башка улуттун жигиттери менен жүргөнүн көргөн жерден эле кармап сабап жатышат", — дейт Алиев. 

Анын айтуусунда, өткөн жылы бир кызды мыкаачылык менен кордоп, зордуктаган жигит кармалган. Ал өзүнүн иш аракетин видеого тартып, бирок интернетке жарыялаганга жетишкен эмес. 

"Зордуктоого кабылган кыз өз учурунда укук коргоо органдарына кайрылгандыктан, кылмышка шектүү тез эле кармалды. Учурда ал Россиянын убактылуу кармоочу жайында жатат", — деп билдирди Алиев.

Ал быйыл февраль айында болгон окуя боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатканын айтып, видеодогу кыздар укук коргоо органдарына кайрылбагандыктан, иликтөө иштери кечеңдеп жатканын кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0