Facebook тармагында "лайктан" тышкары "капа болуу" жана "жинденүү" пайда болот

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүFacebook социалдык тармагы. Архив
Facebook социалдык тармагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жазылган постторго баа берүүнүн жаңы ыкмаларын иштеп чыгуучулар аны "реакция" деп аташты. Бул саамалык бир катар өлкөлөрдүн сынынан өттү.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Facebook социалдык тармагы жазылган постторго баа берүүнүн жаңы белгилерин кошту. Бул тууралуу Ассошиэйтед Пресс агенттигине таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Эми "жагат" дегендин ордуна жазылгандарга "капа болуу" жана "жинденүү" сыяктуу төрт варианттагы баа берсе болот.

Facebook социалдык тармагы баракчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Facebook өзүн өзү өлтүрүүнүн алдын алат
Бул саамалык буга чейин Ирландия, Испания жана Япония сыяктуу өлкөлөрдө сындан өткөн. 

Көндүмгө айланган "жагат" мурда кайда болсо ошол эле жерде калат. Пайдалануучулар ошол жерде курсорду кармап турса башка баалар чыгат. Иштеп чыгуучулар аны "реакция" деп аташты.

Компаниянын дизайн боюнча директору Жули Жуонун айтымында, бул кадам менен Facebook пайдалануучуларга өз сезимин кененирээк билдирүүгө шарт түзүүдө.

"Эгер досуң атасынын каза болгону тууралуу жазса, сен ага "жагат" деген белги койсоң, одоно болуп калат", — дейт адис.

Алмазбек Атамбаевдин Instagram социалдык тармагында өздүк баракчасы ачылды
Ушундай эле көйгөй "жакпайт" деген бааны иштеп чыгууда да жаралган. Баалардын варианттарын компаниянын адистери пайдалануучулардын айткандарын эске алуу менен иштеп чыгышкан. 

Бул жаңылык баракчада автоматтык түрдө пайда болуп, дүйнөнүн булуң-бурчундагы пайдалануучуларга жеткиликтүү болот. Тайпа түзүүчүлөр жана публикация авторлору өз материалдарына баа берүүгө чек коё албайт. 

Facebook социалдык тармагы 2004-жылдын февраль айында Гарвард университетиндеги информатика менен психология факультетинин 19 жаштагы студенти Марк Цукерберг тарабынан негизделген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0