Кыргызстандык кол өнөрчүлөр Барселонаны багынтууда

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүБарселона шаары. Архив
Барселона шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда 20 өлкөнүн ичинен 11 команда финалга жолдомо алды.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Барселонада өткөн "Дүйнөнүн мобилдүү кубогунда" кыргызстандан барган "ArtАsian" командасы финалга өттү. Бул тууралу Sputnik Кыргызстан агенттигине команданын мүчөсү, стартапер Тимурлан Тураталиев кабарлады.

Анын айтымында, 23-февраль күнү Барселона шаарында өткөн сынакта 20 өлкөдөн келген команданын ичинен 11 топ финалга чыккан. Сынактын акыркы бөлүгү бүгүн, 24-февралда өтмөкчү.

"Дүйнөнүн мобилдүү кубогу" сынагында ар өлкөдөн келген ишкерлер өз долбоорлорун сунуштап, аны коргоп чыгат.

"Биз "Art Asian" командасынын чеберлери тарабынан колго жасалган буюмдарды — улуттук кийим-кече, зер буюмдарды жана үй жасалгасын көрсөттүк. Долбоордун максаты —Орто Азиянын маданиятын, каада-салтын англис тилдүү колдонуучуларга жайылтуу болуп саналат", — дейт Тураталиев.

Эске сала кетсек, кыргызстандык "ArtАsian" командасы Москвада өткөн "Евразиянын мобилдүү кубогун" жеңип, Барселонада өтчү "Дүйнөнүн мобилдүү кубогуна" жолдомо алган. 

Стартап — англис тилинен которулганда "жандыруу", "баштоо" дегенди түшүндүрөт. Интернет технологиясынын жардамы менен долбоорлорду кеңири жайылтып, бизнес пландарды ишке ашыруу болуп саналат. Ал эми бул топтун мүчөлөрү стартапер деп алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0