13:53 13 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8469
  • EUR77.0062
  • RUB1.0939
Бишкектин Панфилов паркындагы шайтан дөңгөлөгү. Архив

Панфилов паркындагы "шайтан дөңгөлөк" алынды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
10501

Парктын директорунун айтымында аттракциондун пайдалануу мөөнөтү аягына чыккан.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Бишкектин Панфилов паркындагы "шайтан дөңгөлөк" алып салынды.

Сейил бактын жетекчиси Дмитрий Петровдун айтымында, дөңгөлөктү эскилиги жеткендиктен алып салууга туура келген.

  • Бишкектин Панфилов паркындагы шайтан дөңгөлөк алып салынды.
    Бишкектин Панфилов паркындагы "шайтан дөңгөлөк" алып салынды.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Сейил бактын жетекчиси Дмитрий Петровдун айтымында, дөңгөлөктү эскилиги жеткендиктен алып салууга туура келген.
    Сейил бактын жетекчиси Дмитрий Петровдун айтымында, дөңгөлөктү эскилиги жеткендиктен алып салууга туура келген.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 2
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бишкектин Панфилов паркындагы "шайтан дөңгөлөк" алып салынды.

"Шаарда дагы эки дөңгөлөк бар. Эскисин алса, жаңысын коет. Жаңыланып турганы жакшы да", — деди ал.

Директор жаңы дөңгөлөк боюнча документтер учурда макулдашылып жатканын белгиледи. Андыктан азырынча аттракционду монтаждоого мүмкүн эмес.

"Бардык сырларыбызды ачпай туралы, анткени, жаңы аттракциондун ачылыш аземи болот", — деди Петров.

Азырынча жаңы дөңгөлөктүн бийиктиги 50 метрге жетип, эскисине караганда бир топ чоң болору белгилүү болду. Петровдун айтымында, аталган дөңгөлөк бүгүнкү күндүн талабына толугу менен жооп берип, өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына чейин орнотулмакчы.

Тема боюнча

"Ата-Түрк" эс алуу паркына карагайлар отургузулууда
Белгилер:
парк, дөңгөлөк, аттракцион, Панфилов паркы

ЭҢ МААНИЛҮҮ