Аттестацияга кирбей калган 59 медресе мүдүрлөрүнүн ордуна муфтий жаңыларын дайындайт

© Фото / Белек НурлановКыргызстан дин башкармалыгы. Архив
Кыргызстан дин башкармалыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы диний окуу жайлардын мугалимдери менен жетекчилеринин көбү аттестацияга кирбей калды.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кыргызстандагы медреселердин ичинен аттестацияга кирбей калгандырынын ордуна 59 жаңы мүдүр дайындалат. Бул туурасында аттестациялык комиссиянын төрагасы, Кыргызстан дин башкармалыгынын өкүлү Абдулла Асанкулов Sputnik Кыргызстанга кабарлады. 

Мечитте баян айтуу учуру. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда окутуусу талапка жооп бербеген медреселер жабылат
Кыргызстандагы 72 медресенин жетекчилеринин 59у светтик, кээ бирөөлөрдүн диний жогорку диплому жок болгондуктан, аттестацияга киргизилбей турган болду. Ал эми медреселердин ичинен 12си, 483 мугалимдин ичинен 205и да аттестациядан алыс калды. 

Аттестацияга даярдык азыркы диний окуу жайларынын чыныгы абалын көрсөтүп койду. 

Мындай олуттуу фактылар менен цифралардан кийин муфтият кандай чечим кабыл алып, диний билим берүү жаатындагы калпыстыкты кантип жоюуну карап жаткандыгын Асанкулов айтып берди. 

"Аттестацияга кирбей калган мугалимдер эми балдарды окутууга укугу жок болуп калды. Ал ишине кайра катып келүүнү кааласа, билим алып, жок дегенде сырттан окуп, келерки жылы аттестацияга кирүүгө мүмкүнчүлүк берилет",— деди Асанкулов.

Ал эми медреселерге документтерин мыйзамдаштырып, тиешелүү тараптардан уруксат кагаздарын топтоп келүүгө бир ай мөөнөт берилет.

Асанкулов светтик же диний билими жок мүдүрлөрдүн ордуна башкаларын Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгынын жетекчиси дайындаарын билдирди.

"Алардын ордуна жаңыларын муфтий дайындайт. Албетте, жогорку билимдүү адистерди табуу кыйын, кыязы медреселердин мугалимдеринин ичинен орун басарлык кызматка коюп турат. Мыйзам боюнча, алар аттестациядан бир жылдан кийин өтүшөт",— деди ал.

Ал аттестация бүгүн башталып, 24-мартка чейин болоорун кошумчалады. 

Асанкулов мечиттердин 1500 имамы аттестацияга катышып, алардын жыйырма пайызы өтпөй калгандыгын айтты.

"Алардын 1300гө чукулу сынактан өттү. Ал эми калган 20 пайызы өтпөй калды. Аларга бир жылдан кийин даярданып келип, кайра тапшырышат ",— деди ал.

Учурда өлкө боюнча имамдарды окутуу процессин "Ыйман" коомдук фонду жүргүзүп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0