Атамбаев: өз аскерин асырай албаган эл башка аскерди багат

Жазылуу
Өлкө башчы Мекенин коргоо — ыйык парз экенин айтып, аны ар-намыстуулук менен аткаруу ар бир жарандын милдети экенин белгиледи.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Өз аскерин асырай албаган эл башка аскерди багат. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Мекенди коргоочулар күнүнө карата куттуктоосунда айтты.

Өлкө башчы жыл сайын, 23-февралда ар-намыстуулуктун жана каармандыктын үлгүсүн көрсөтүп, Мекен үчүн өмүрүн кыйган баатырлардын жаркын элесине, элдин улуу рухуна таазим этерибизди белгиледи. 

"Бул майрам бизге ата-бабаларыбыздын "Чептен эрдин күчү бек" деген осуятын эске салат. Анткени кыргыздар — улуу жоокерлердин урпагы. Кыргыздар өз аскерлерин, Куралдуу күчтөрүн эзелтеден "Кол" деп атаган. Кол — бул күч-кубаттын символу. Аскери жок, же аскери чабал өлкөнү колу жок адамга салыштырчу. Колу жок адам өзүн да, жакындарын да коргой албайт", — деп айтылат куттуктоодо.

Атамбаев өз үйүн, Мекенин коргоо — ыйык парз экенин айтып, аны ар-намыстуулук менен аткаруу ар бир жарандын милдети экенин белгилейт.

Анын айтымында, кийинки жылдары ишке ашырылып жаткан аскер реформасы Куралдуу күчтөрдөгү кырдаалды түп-тамырынан өзгөртүүгө өбөлгө болду. 

"Мамлекетибиздин аскердик-техникалык мүмкүнчүлүгү артууда, жоокерлер менен офицерлердин аскердик даярдыгы жогорулап, алардын айлыгы көбөйүп, социалдык камсыздоо жакшырууда. Өлкө өз аскерине камкордук көрүшү керек. Биз өлкөнүн коргонуу жөндөмүн чыңдап, өз аскерин асырай албаган башка аскерди багарын эстен чыгарбоого тийишпиз", — дейт өлкө башчы.

Президент мекен сакчыларына жана ардагерлерге жакшылык, бакыт-таалай, ынтымак, береке жана бакубатчылык каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0