"Алтынкендин" жумушчулары нааразылык акциясын токтотту

© Sputnik / Виталий Безруких / Медиабанкка өтүүАлтын кени. Архив
Алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кендин кызматкерлери акцияга айлык акынын азайышынан улам чыгышкан.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. "Алтынкендин" жумушчулары нааразылык акциясын токтотконун "Кыргызалтын" ачык акционердик коому билдирди.

Жума күнү Талды-Булак Сол жээк кенин иштетип жаткан "Алтынкендин" жумушчулары ишке чыгышкан эмес. Буга жетекчиликтин айлык акыны 15 пайызга төмөндөткөнү жана маянага кошумча 30 пайыздык төлөмдүн алып салынышы себеп болгон.

"Кыргызалтын" менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин айлык акыны кемитпөө чечими кабыл алынып, кошумча төлөмдөр тууралуу маселе ачык бойдон калды.

"Алтынкен" учурда толук кандуу иштеп жатат. Жумуш жекшембиден тарта жанданды", — деп айтылат билдирүүдө. 

Кара-Кече: миллиондогон тонна "кара алтын" кантип казылат
Талды-Булак Сол жээк кенин "Алтынкен" ишканасы иштетет. Ал 2006-жылы апрель айында түзүлгөн. 2011-жылы Талды-Булак Сол жээк кенин "Алтынкен" компаниясы иштетет. Акциялардын 40 пайызы "Кыргыз алтынга" тиешелүү, 60 пайызы кытайдын Superb Pacific Limited компаниясына таандык. Ал Кытайдагы эң ири Zijin Mining ишканасынын туунду компаниясы болуп саналат. 

Былтыркы жылы аталган кенден болгону эки килограмм алтын өндүрүлгөн.

Талды-Булак Сол жээк кенинде болжол менен 64 тоннадан ашык алтын, 45 тоннадай күмүш бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0