Кытайда өлүм жазасына тартылган кыргызстандык аялдын сөөгү алып келинди

© Sputnik / Табылды КадырбековАэропротко конгон учак. Архив
Аэропротко конгон учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кулбаева 2010-жылы баңгизат ташыганы үчүн кытай сотунун чечими менен өлүм жазасына тартылган.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Кытайда өлүм жазасына тартылган кыргызстандык Светлана Кулбаеванын сөөгү мекенине алып келингенин Sputnik Кыргызстан агенттигине Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Нурлан Сүйөркулов билдирди.

Кытайда өлүм жазасына тартуу кантип ишке ашат. Учурдагы жана архивдик сүрөттөр - Sputnik Кыргызстан
Кытайда өлүм жазасына тартуу кантип ишке ашат. Учурдагы жана архивдик сүрөттөр
Анын айтымында, сөөк Кыргызстанга 20-февраль күнү алып келинди. ТИМ кызматкерлери менен бирге аэропорттон сөөктү маркумдун уулу тосуп алды.

Мындан алты жыл мурун, 2010-жылы Светлана Кулбаева Үрүмчү шаарынын аэропортунан 7,2 килограмм героин менен кармалган. Ага өлүм жазасы чегерилген. Кыргыз тараптын сот чечимин өзгөртүүгө жасаган аракетине карабастан жаза 4-февраль күнү инъекция жасоо жолу менен ишке ашырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0