Испания кыргызстандыктын көзү менен: испандыктарга караганда биз такыр кечикпейбиз

© Sputnik / Жоомарт УраимовЧолпон Алымбекова.
Чолпон Алымбекова. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайсы товарлар менен биз испандыктарды кызыктыра алабыз жана биздин бал европалыктардыкынан эмнеси менен айырмаланарын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы Асел Минбаева билип көрдү.

Ишкер айымды элестетип көрүңүз. Көз алдыңызда кандай сүрөт пайда болот? Ишкер аял кандай сапаттарга ээ болушу керек? Сиз элестеткендер Чолпон Алымбековага окшошу ыктымал. Бул кыргызстандык айым эркектердин көбүнүн оозун жап койчудай. Болгондо да муну ал көркөм-сыпаа жасап коёт. 

— Башка өлкөлөргө жакшыраак жашоо издеп кетишет деп көнүп калганбыз. Сизге да бир нерсе жетпегенден Испанияга жөнөп кеттиңизби?

— Жок. Менин үйүм, ийгиликтүү бизнесим — жарнама компаниям, 11 жана 24 жаштагы чоңоюп калган кыздарым, жолдошум – баары бар болчу. Мен эч капарсыз таене болуп, бейкут карылыкты күтүп отура берсем да болмок. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовИшкер айым Чолпон Алымбекова
Интервью с Чолпон Алымбековой - Sputnik Кыргызстан
Ишкер айым Чолпон Алымбекова

Бирок жаңы бир нерселерди эңседим. Күйөөм экөөбүздүн деңиз жээгинде кичинекей үйдө жашасак деген көптөн берки кыялыбыз бар болчу. Алты жыл мурун мен эки кызымды алдым да, Аликантеге кетип калдык.

— Он бир жаштагы кызыңызды кошо ала кеттиңизби? Мындай куракта жаңы адамдарга кошулуу оңой эмес, ага кыйын болсо керек дейм…

Тюменде КР жараны өзгөн ашы менен элдин шилекейин агызып келет
— Ооба, испандыктар укмуштай ачык эл экенине карабай, бала деген бала да. Кызым ал жакта өз киши болуу үчүн көп аракет жасаганга аргасыз болду. Ал кичинекей өжөр жоокердей эле. Кайсы бир убакта алтынчы класстан сегизинчи класка которууну сурап, болбосо окубайм деп шарт койду. Өзүнөн улууларга кошулгусу келген экен. 

Мен мектептин директорун көндүрүш үчүн үч жолу бардым. Алар үчүн баланы бир класс жогору которуу эч ойго келбей турган иш. Бирок акыры кызыма тест тапшырууга уруксат беришти. Ал баарынан өткөн соң, аны которушту. 

— Өзүнүн испаниялык курдаштарынын арасында ал эмнеге өзүн улуу сезди?

— Кыргызстанда балдар бир топ улуураак. Ал жакта бала деген бала. Ага кыйкырганга болбойт, акырын чаап да коё албайсың — тыюу салынган. Мындай үчүн балдар ата-энесинин үстүнөн арыздана алышат. 

— Улуу кызыңызчы? Ал жаңы чөйрөгө көнө алдыбы?

— Ооба, бирок көп нерселер кооптонтту. Испанияда эмгекке жарактуу ар бир төртүнчү адам ишсиз. Жакшы билим да жардам бербейт. Кызым болсо ал жакта окуп, ишке орношо алды. Ал испанча, англисче жана орусча билген үчүн жакшы компанияга жумушка алышты. 

— Испанияда сизди таң калтырган эмне болду?

— Биринчиден, ал жакта кары кишилер өзүн абдан жакшы алып жүрөт. Мына, көчөдө бир чоң эне келе жатат дейли, анын карылыктан колдору калтырап калса да, чачы тыкан жасалгаланып, тырмактары жакшы каралган болот. Алар үчүн карылык — үйдө отуруп алып, ар кайсы оорусуна наалый бериш эмес. Адам өзүн жаман сезип турса да, көчөгө чыгат. Сейилбакта өзүңдү жалгыз сезиш кыйын.

Дагы алар кафе, барларга көп барышат. Алар үчүн кайсы бир жерде эртең менен тамактануу кадыресе көрүнүш. Ар бир төрт кишиге бирден кафе туура келет! 

© Sputnik / Жоомарт УраимовИшкер айым Чолпон Алымбекова
Интервью с Чолпон Алымбековой - Sputnik Кыргызстан
Ишкер айым Чолпон Алымбекова

Испаниялыктар эч качан азык-түлүктү кийинкиге деп сатып алышпайт. Бизчилеп бир жумада бир базарга барып, оор баштыктарды көтөрүп келишпейт. Аялдар күн сайын азык-түлүк дүкөндөрүнө барып, түшкү жана кечки тамакка гана сатып алышат. 

— Баса, азык-түлүк жөнүндө: манты же лагмансыз канттиңиз? Аларда негизинен балык менен деңиз азыктары да?

— Мен Бишкектен эле үйдөгүлөрдүн баарын туура тамактанууга көндүрүп койгом. Анан калса, Испаниянын климаты үчүн эт — өтө эле оор тамак. 

— Тил билбей ал жакта кантип жан сактадыңар?

Британиядагы ишин таштап Кыргызстанга келген мекендеш күнөскана ишин колго алды
— Мен ал жакка бир эле "Ола!" ("Салам" — ред.) деген сөз менен келгем. Кызым бир топ жыл мурун Бишкекте испан тилинин сабактары жазылган дискттерди сатып алган эле, мени ошолор сактап калды. Биз анда бул дисктерди эмне кылат деп түшүнгөн эмес элек. Бир айдын ичинде "канча турат?" же "дарыканага кантип барса болот?" деген сыяктуу жөнөнкөй нерселерди үйрөнүп алдым.

Мени башкалар түшүнүп жатканын көргөндө, кубанганымды айтпаңыз. Баса, эгерде кайда барарыңды билбесең, испандыктар сени эч качан көчөдө калтырбайт. Колунда оор баштыктары бар жана эки көчө басыш керек болсо да, ал баары бир сени керектүү жериңе узатып коёт. 

— Сиз ал жакта эмне ишкердик кылууну чечтиңиз?

— Биз жергиликтүү курулуш компаниясы менен макулдаштык. Мен Испанияда кыймылсыз мүлк сатып алгысы келген Кыргызстандын жана Казакстандын жарандары менен байланыш түзүшүм керек эле. 

— Сиздин ишиңизде аял экениңиз эч качан тоскоол кылган эмес беле?

— Жок, эч качан. Тескерисинче. Менимче, Испанияда бир чети дал ушул себептен мага ушунча ишенишет. 

— Ал жакта ишкердик кылуу бул жактагыдан эмнеси менен айырмаланат?

— Кыргызстанда баары тез болот. Испанияда элдин жакшы көргөн сөзү эле "эртең". Ал жакта иштегенге шашышпайт. Деги эле аларга мансапка караганда жеке ыңгайлуулук маанилүү. 

Кыргызстанда болсо ишкердикти үзгүлтүксүз өрчүтүп туруу адат. Ал эми Испанияда менин бир таанышым гүл дүкөнүн иштетет. Ал атасынан калган экен, атасына болсо чоң атасы калтырыптыр. Дүкөндө бир нерсе өзгөртүү анын оюна эч келбейт!

Бул бардык нерседен сезилет. Испанияда эң эрте дегенде саат таңкы 9.30да иштей башташат. Алар үчүн кечигүү — кадимки эле көрүнүш. Аларга караганда биз такыр кечикпейбиз! Саат 11де тыныгуу: жакынкы кофейняга барып бир чыныдан кофе ичишет. Кандай гана шашылыш жумуш болбосун, дем алуу — ыйык!

© Sputnik / Жоомарт УраимовИшкер айым Чолпон Алымбекова
Интервью с Чолпон Алымбековой - Sputnik Кыргызстан
Ишкер айым Чолпон Алымбекова

Түшкү тамакка тыныгуу аларда эки саат. Кечки тамакка саат жетиден баштап киришишет. Баса, башка убактарда кафелер иштебейт! Кечки саат бештерде бир жакка барып кереги жок — тамак беришпейт. 

— Менин билишимче, сиз Кыргызстанга испан бут кийимдерин алып келүүнү жөнгө салдыңыз. Каатчылыкты эске алганда, бул канчалык кирешелүү?

— Каатчылыктын бизге пайдасы гана тийди. Анын айынан Испания өз товарларын сата турган көп рыноктор жабылып калды. Ошондуктан компаниялар Кыргызстан сыяктуу чакан рынокко көңүл бурушту.

— Алардын бут кийимдери кытайдыкы менен атаандаша алабы? Биз Кытай менен чектешпиз, ошон үчүн алар биздин рынокту товарларга, болгондо да арзандарына толтуруп жатышпайбы.

Жаш режиссер жана продюсер Ислам Сатаров. - Sputnik Кыргызстан
Продюсер: Бишкекке жакында Шакира келет, Женнифер Лопес келип кеткен
— Атаандаша алат. Испан бут кийимдери таза териден колго жасалат жана сапаттуу келет. Биздин дүкөндөр, мисалы, Испаниядан чыккан балдардын бут кийимдерин төрт миң сомдон сатып жатат. Бул кытайдыкынан анча кымбат эмес да, туурабы? 

— Ооба, испан ишкерлери биздин дүкөндөргө дагы эмнелерди сунуштай алат?

— Биз мраморду жана балдардын оюнчуктарын, үй тиричилигине керектүү товарларды алып келүүнү жөнгө салып жатабыз. Европалык сапаттагы буюмдарды пайдаланууга кыргызстандыктар деле татыктуу да. 

— Бирок Кыргызстанда элдин сатып алуучук жөндөмү түшүп жатпайбы. Көпчүлүгү акчаларын жакшы заман келгенче сактап, азыр короткусу келген жок. Мындай товарга кызыккандар көп болбосо керек…

— Албетте, каатчылык өз таасирин тийгизет. Азыр Кыргызстанда дүкөндөр люкс классындагы товарларды анча заказ бергилери келбейт. Бирок төмөн түшүүдөн кийин дайыма өсүш болот. Жөн гана азыр ушундай мезгил болуп жатат. Баары жаман деп эч нерсе жасабай отуруп албаш керек да. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовИшкер айым Чолпон Алымбекова
Интервью с Чолпон Алымбековой - Sputnik Кыргызстан
Ишкер айым Чолпон Алымбекова

— Кыргызстанда Испания үчүн кызыктуу болгон товарлар барбы?

— Испаниялыктардын товарлары көп. Бирок ошол эле учурда рыногу бир топ чоң. Биздин бал жана кургатылган жемиштер аларга жакмак деп ойлойм. Алардын балы негедир суюк келет. 

— Ал жакка кеткениңизге бир да жолу өкүнгөн жоксузбу? Сиздин жөндөмүңүз менен бул жакта ири заводдун ээси боло алмаксыз да…

— Жок. Мен ал жакка келе калып эле, даттанган кишилерди көргөм. Мисалы, ал жакта жумуш менен үйдүн, же бала-бакча менен мектептин ортосу өтө алыс болушу мүмкүн. Бала мектепке барыш үчүн Бишкектен Кара-Балтага чейинки жолду басып өтүшү мүмкүн. Бул кадыресе көрүнүш. 

Дагы бир факт: ал жакта бөлмөлөр өтө кичинекей — керебет араң батат. Бөлмөнүн төбөсү бийик эмес. Бирок ал жакта өз артыкчылыктары да бар. Кантип жаман гана жактарын көрүүгө болот, билбейм. Бул тажрыйба топтоо үчүн чоң артыкчылык.

Жаңылыктар түрмөгү
0