Милиция баланы кулчулукта кармаган деген малчыны текшерүү үчүн Тоңдогу жайлоого кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкерлери рейд учурунда. Архив
Милиция кызматкерлери рейд учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
15-февралда Нарын шаарынан атайын рейд учурунда Урмат аттуу бала кармалган. Ал Ысык-Көлдүн жайлоолорунун биринде кулчулукта жүргөнүн айтып, качып келгенин билдирген.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Тоң райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тобу Арчалы жайлоосунда кулчулукта жүргөн делген 22 жаштагы бала боюнча фактыны жеринде аныктайт. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-февралда РИИБдин жетекчиси башында турган ыкчам топ окуянын чоо-жайын жеринде аныктоо үчүн жайлоого кетишкен.

15-февралда Нарын шаарынан атайын рейд учурунда Урмат аттуу бала кармалган. Ал Ысык-Көлдүн жайлоолорунун биринде кулчулукта жүргөнүн айтып, качып келгенин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0