Анапияев ким колдуу болгон. Кыргыз, беларусь милицияларынын иликтөөлөрүнүн айырмасы

© Sputnik / Табылды КадырбековИнтерпол сайтындагы Алмамбет Анапияевдин сүрөтү. Архив
Интерпол сайтындагы Алмамбет Анапияевдин сүрөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Криминалдык төбөлдүн өлүмү боюнча КРдин Ички иштер министрлиги иш козгогон эмес, себеби окуя Белоруссиянын аймагында болгон.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Бир жыл мурун, 19-февралда Минск шаарында (Беларусь) унаа токтоочу жайда турган автоунаанын багажынан Алмамбет Анапияевдин сөөгү табылган эле. Каза болгон кишинин чөнтөгүнөн 1974-жылы Кыргызстанда туулган Алмазбек Шакировдун атына берилген Россия жаранынын чет өлкөлүк паспорту табылган. Бирок документтеги сүрөт Алмамбет Анапияевдики болчу.

Mercedes автоунаасынын багажынан табылган өлүк бир нече төшөккө оролгон. Колдору байланып, башына көк түстөгү желим баштык кийгизилген эле. Маркумдун кекиртеги кесилип, аркасына төрт жолу бычак уруп өлтүрүлгөнү аныкталган. 

Белоруссия милициясы сөөк табылган соң Кыргызстандагы кесиптештерине анын жанынан чыккан паспорттун көчүрмөсүн жөнөтүшкөн. Биздин күч кызматкерлер паспорттогу сүрөттө Анапияев экенин көрүп, Минскиге анын дактокартасын (манжа издери түшүрүлгөн барак), ошондой эле паспортто аты жазылган Алмазбек Шакиров туурасында болгон-бүткөн маалыматты жиберишкен. Анапияевдин дактокартасын алгандан кийин Белоруссия тарап Шакиров эмес, ал зомбулук менен өлтүрүлгөн Анапияев экенин ырасташкан эле. Бул кылмышты Белоруссиянын Төргөө комитети иликтөөгө алган.

"Анапияевдин 2010-жылы түштүктө болгон тополоңго тиешеси бар болчу"

Булак: Белоруссиянын күч түзүмдөрүнө Анапияевди өлтүрдү делген жаран кайда экени маалым
Ош облусунда туулган Алмамбет Анапияев бир нече жолу соттолуп, ал эми 2003-жылы КРдин Кылмыш жаза кодексинин тоноочулук жана ок атуучу курал, ок-дары, жардыруучу заттарды жана жардыргыч жабдууларды мыйзамсыз сатып алуу, башка бирөөгө берүү, сатуу, сактоо, ташуу же алып жүрүү боюнча беренелеринин негизинде тогуз жылга кесилген. 2004-жылы Ош шаардык соту Кылмыш жаза кодексинин "Тоноочулук" жана "Адам уурдоо" беренелери боюнча кайра дагы кескен. КР ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы тарабынан Анапияев 2011-жылы мамлекеттер аралык, андан соң Интерпол аркылуу эл аралык издөөгө алынат. ИИМдеги маалыматтарга ылайык, Анапияев республиканын түштүгүндө июнь айында болгон окуяларга тиешеси бар деп айтылган. Ал жакта талап-тоноо жана мүлктөрдү тартып алуу аракеттерине активдүү катышкан делет. 

Минскиде Анапияев жалгыз эмес, жанында жан сакчысы Гүлжигит Абилазизов болгон. Белоруссия күч түзүмдөрүнүн маалыматына караганда, жан сакчысы Анапияевди акыркылардан болуп көзү тирүү кезинде көргөн. 

Мурдагы жан сакчынын айткандары 

Гүлжигит Абилазизов жана анын мекенине кайтып келиши менен байланышкан окуя да көңүлдү өзүнө бурду. Анапияевдин өлүмүнө аны баарынан биринчи күнөөлөшү мүмкүн экенин түшүнгөн жан сакчы кылмыштан кийин дароо Москвага жөнөйт. Гүлжигит аны Белоруссия милициясы гана эмес, Анапияевдин өзүнүн жакын достору да издээрин билген. Ал Кыргызстандын "афганчы" жоокерлер кеңешинин ошол кездеги жетекчилеринин бири, бишкектик жактоочу Кайрат Загибаевге кайрылат. Абилазизовдин жардам сурап кайрылганы боюнча өткөн жылы адвокат журналисттерге төмөнкүчө комментарийлеген эле.

Анапияевдин өлүмүнө күбө болушу мүмкүн делген адамды Белоруссия ИИМи издейт
"Биринчи телефон чалышты. Өзүн "афганчы" жоокермин деп атаган бир кишинин атынан чалды. Чынын айтсам, атына көңүл бурган деле жокмун. Себеби мага "афганчылар" бир окуяга чалдыгып калышса күнү-түнү чала беришет, баарынын атын эстей албай калдым. Ал киши мага түштүк диалектиси менен кайрылып: "Кайрат ака, сиз бир жигитти кабыл алышыңыз керек, кеп өмүр менен өлүмдүн ортосунда жүрүп жатат!" — деди. Эмне болуп кетти экен деген ой кетти. Гүлжигит ошол телефон менен сүйлөшкөндөн кийин дароо эле жетип келди. Ал баарын айтып берген соң, "сен чын эле балээге кабылган экенсиң" деген ой келди. Мен андан кийин ИИМге чалып (атын тактап атабай эле коёюн): "Бул баланын берген көрсөтмөлөрүнө олуттуу мамиле жасаш керек, жасалма эле суракка алып, түртүп чыгарып койгон болбойт. Аны өлтүрүп кетишет", — дедим. ИИМде Гүлжигитти чын эле олуттуу кабыл алышты жана менин талабым боюнча аны дароо эле күбөнү коргоо программасына киргизишти", — деген адвокат.

Ошол эле учурда ИИМ башчысы Мелис Турганбаев журналисттерге Абилазизов милицияга келип, өз ыктыяры менен көрсөтмө бергенин айткан эле.

"Гүлжигит Абилазизов шектелүүчү эмес, ал күбө катары көрсөтмө берүүдө. Ал өзү келип кайрылгандыктан, камакка алынбайт. Милиция кызматкерлери аны аэропорттон тосуп алышкан. Ал Бишкекке өмүрүнөн коркуп келгенин билдирди",— деген. 

Анапияев өлтүрүлгөндөн алты күн өткөн соң, интернетте видеотасма жарыяланган. Анда Абилазизов Анапияев өлтүрүлөр алдында болгон окуяларды айтып берген. Анын айтымында, кримтөбөлдүн үйүндө жашап жатканда Минскидеги батирине үч адам келет. Анапияев аны тигилер менен сөзүн укпасын деп чыгарып жиберет. Гүлжигит подъездге чыгып, үчөө кайра кеткенге чейин бир кабат жогору тепкичте күтүп отурган. Ошондой эле ал Анапияевге келгендер бир нече жолу бир-бирден квартирадан чыгып кайра киришкенин айткан. Ошондой эле Гүлжигит келгендердин экөө бир жолу төшөккө оролгон бир нерсени көтөрүп чыкканын да көргөн. 

Алар кеткенден кийин Гүлжигит квартирага кирсе, Анапияев жок болуп чыгат. Жамандыкты сезип, ал дароо Москвага жөнөйт да, ал жактан Кыргызстанга өтөт.

Жан сакчы Жаныш Бакиевди атаган

2015-жылдын 25-февралында, кылмыштан бир жума өткөн соң ИИМ башчысы Мелис Турганбаев журналисттерге киши өлтүрүүгө шектүү деп үч адам аныкталганын, алар Айбек Абдразаков, Жаныш Бакиев жана Рустам Сайдуев экенин билдирген. Министр Анапияевдин мурдагы жан сакчысы Абилазизов Кыргызстандын күч кызматкерлерине өз ыктыяры менен келгендиктен, өмүрүнө коркунуч жаралган олуттуу күбө катары күзөт алдында экенин айткан.

ИИМдеги сурак учурунда Гүлжигит көрсөтүлгөн сүрөттөрдөн Анапияевге түндө келгендерди дароо тааныган. Ал сүрөттөр Жаныш Бакиевдики (УКМКнын мурдагы генералы, качып кеткен президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы), экинчиси — милициянын подполковниги, Уюшкан кылмыштуулуука жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп турган Айбек Абдразаковдуку, ал эми үчүнчүсү Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы офицери, Жаныш Бакиевдин жакыны Рустам Сайдуевдики болуп чыккан. Үчөө тең оор кылмыш жасагандары үчүн 2010-жылы эле эл аралык издөөгө алынган болчу. 

Киши өлтүрүүгө байланыштуу дипломатиялык жаңжал

Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эл аралык издөөгө алынган кыргызстандык 8 жылдан кийин кармалды
Абилазизов көрсөткөн жана КР ИИМинин версиясы боюнча Анапияевдин өлүмүнө түз тиешеси бар адамдардын атын атоо жана сүрөттөрүн жарыялоо, Кыргызстан менен Белоруссиянын ортосунда кичинекей болсо, да жаңжал чыгарып жиберген эле. Бир катар расмий адамдар Кыргызстандын аймагында бир нече кылмыш жасагандарды өз өлкөсүндө жашырып жаткан Белоруссия бийлигине карата нааразы сөздөрдү айтышкан. 

Кыргызстан менен Белоруссиянын Тышкы иштер министрликтери 2015-жылдын 26-28-февраль аралыгында аталган кылмышка байланыштуу бири-бирине бир нече "кескин" билдирүүлөрдү жасашты. КРдин ИИМи Кыргызстанда мурда сыртынан кесилген, Абилазизовдун көрсөткөндөрү боюнча Анапияевдин өлүмүнө да тиешеси бар кылмышкелерди өткөрүп берүү жөнүндө Белоруссияга кезектеги кайрылуусун жасаган. Ал эми Белоруссиянын ИИМи өз жоопторунда сыртынан сот өкүм чыгара турган Кыргызстандагы "адилет сотко болгон бөтөнчө көз карашты" белгилешкен.

Өлүм кылмышын тергөө — Белоруссиянын иши

Анапияев өлтүрүлгөндөн бери бир жыл өттү. ИИМдин маалымат кызматынан айткандарына караганда, анын өлүмү боюнча эч кандай өз алдынча иш козголгон эмес. Биздин ИИМ кызматкерлери өлүмдү тергөөдө белоруссиялык кесиптештерине Анапияев жөнүндө маалымат берүү менен гана чектелген.

"Анапияевдин өлүмүн биздин белоруссиялык кесиптештерибиз тергеп жатат, себеби кылмыш алардын аймагында болгон. Биз аларга маалыматтык жардам көрсөттүк, анын мазмунун ачыкка чыгара албайбыз. Анапияевдин Кыргызстанга кайтып келген жан сакчысы Гүлжигит Абилазизов жөнүндө айтсак, ал күбөлөрдү коргоо системасына киргизилди. Муну ИИМдин Мамлекеттик коргоо башкармалыгы ишке ашырат. Бул жаран жөнүндө бардык маалымат "жашыруун" делген мөөр басылган белги астында турат", — дешти ИИМдин маалымат кызматынан.

Белоруссия милициясынын версиясы

Sputnik Беларусь кабарлагандай, азыркы кезде Белоруссиянын атайын кызматы кримтөбөл Анапияевдин өлүмүнө шектелгендерди издөөнү улантып жатат деп билдирген Белоруссиянын ИИМи.

"Аталган адамды өлтүрдү деп шектелгендерди издөө улантылып жатат. Ал эл аралык издөдө", — деди шаршемби күнү Sputnik агенттигине ИИМдин өкүлү, милициянын полковниги Константин Шалькевич. 

Атамбаев: кылмыш эч убакта жазасыз калбаш керек
Анын айтымында, шектелүүчү Белоруссиянын чегинен сырткары жакта деп болжоого негиздер бар, бирок дүйнөнүн кайсы өлкөсүндө экенин атайын кызматтын өкүлү тактаган жок. Шалькевич Белоруссия агенттери Анапияевдин өлүмүнө күбө болушу мүмкүн делгендерди издеп жатышканын айтты. Ал сыр катары сакталат деген шарт менен маалымат бөлүшүүнү жарандардан сурана турганын кошумчалады. 

ИИМ аталган өлүмгө байланышкан башка маалыматтарды "ишти Белоруссиянын Тергөө комитети иликтеп жатат" деген түшүндүрмө менен ачыкка чыгарбай келет.

Өз кезегинде агенттиктин тергөөнүн жүрүшү менен тааныш булагы "кылмышка шектелүүчү кайсы жерде жашырынып жүргөнү туурасында Белоруссиянын укук коргоо органдарында маалымат бар деп ишеничтүү айтса болот, ал жылуу өлкөлөрдүн биринде",— деп билдирген. 

"Алар аталган кылмыштын бети ачылышына кызыккан өз кесиптештерине бул маалыматты беришкен деп ойлойм", — деген агенттиктин маектеши. 

Ал аталган кылмыш "качандыр бир кезде сөзсүз ачыларын, бирок бардык эле кылмыш ишиндегидей анын жабылуу бойдон калышына кызыккан күчтөр да бардыгын" кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0