ТИМ Кытайда өлүм жазасына тартылган кыргыз аялдын сөөгүн алып келүү аракетин көрүүдө

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүУчак. Архив
Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайда маңзат менен кармалган Кулбаеванын өлүм өкүмү 2016-жылдын 4-февралында аткарылган.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Баңгизат менен кыргызстандык аял Кытайдан кармалгандан тарта эле Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул маселе менен иштеп баштаган. Бирок, тилекке каршы Кытайдын сот системасы өкүмдү ишке ашырды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине ТИМдин расмий өкүлү Нурлан Сүйөркулов билдирди.

2010-жылдын 6-ноябрында Ош аэропортунан Үрүмчү шаарына учкан Светлана Кулбаева Кытайдын бажы кызматы тарабынан баңгизат менен кармалып, сот аны бир жылдан ашуун убакыттан кийин өлүм жазасына өкүм кылган. Өлүм өкүмү 2016-жылдын 4-февралында аткарылган.

"Кулбаеванын иши боюнча эки мамлекеттин консулдуктары, ТИМдери, министрлер, анын орун басарларынын деңгээлинде бул маселеле тынымсыз талкууланып турган. Акыркы учурда жогорку жетекчилик, КР президенти кийлигишкен", — деди Сүйөркулов.

Өлүм жазасына тартылган Светлана Кулбаева 51 жашта болгон.

Кытайда өлүм жазасына кантип тартылаарын Sputnik Кыргызстандын фото түрмөгүнөн көрө аласыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0