ТИМ: Анкарадагы жардыруудан жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок

© AFP / ADEM ALTAN Анкарада болгон жардыруу
Анкарада болгон жардыруу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркиянын борбор калаасында жардыруу болуп, анын кесепетинен 28 адам курман болду. Андан сырткары 61 киши жаракат алган.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Түркиянын борбору Анкара шаарында болгон жардыруудан жабыркаган же каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок экенин Тышкы иштер министрлигин маалымат кызматы кабарлады. 

Түркия аскери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркиянын Хайдарпаша портунда удаа-удаа жарылуу болду
Окуя кечээ, 17-февралда жергиликтүү убакыт боюнча саат 18.31де Түркиянын парламенти менен Башкы штабынын аймагына жакын жерде болгон. Светофорго аскерлерди ташып келе жаткан транспорт колоннасы токтогон учурда жардыруучу зат коюлган автоунаа жарылып, анын кесепетинен 28 адам курман болду. Андан сырткары 61 киши жаракат алган.

Өз учурунда Facebook социалдык тармагы "Мен коопсуз аймактамын" аттуу функциясын ишке киргизди. Аны менен кыргызстандыктар колдоно баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0