ӨКМ башчысы Боронов россиялык кесиптешине кыргыз жигитин сыйлоо боюнча кат жолдоду

© из семейного архива Марата ИсаеваКыргызстандык Марат Исаев апасы менен. Архив
Кыргызстандык Марат Исаев апасы менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык Марат Исаев Москвадагы метродо эстен танып рельске кулап түшкөн аялга полиция кызматкери менен чогуу жардам берген. Анын бул эрдиги үчүн Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев саат тартуулады. Ал эми коом арасында Исаевдин бул эрдигине ыраазы болгондор көп.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Москва шаарындагы метродо рельске кулаган аялды куткарууга жардам берген Марат Исаевди Россиянын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сыйлыгы менен сыйлоо сунушун КР ӨКМдин башчысы Кубатбек Боронов россиялык кесиптеши Владимир Пучковго жолдоду. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди. 

2016-жылы 11-февралда Москвадагы "Красносельская" метросунда рельске аял эстен танып кулап түшкөн. Кыргызстандык Марат Исаев менен полиция кызматкери Артем Королюк өз өмүрүн тобокелге салып, аялды куткарышкан. Алар аялды рельстин ортосуна жаткырып, өздөрү да жаткан. Кыргызстандык жаран Марат Исаев Москвадагы фирмалардын биринде курьер болуп иштейт.

Боронов Исаевдин Кыргызстандагы ата-энесине да ыраазычылык катын жолдоду.

"Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өздүк курамынын жана жеке өзүмдүн атымдан элине жана мамлекетине сыймык алып келген уулуңуздар Маратты боорукер, баатыр, куткаруучу кылып, өстүрүп, тарбиялагандыгыңыздар үчүн сиздерге терең ыраазычылык билдиремин!", — деп айтылат катта.

Марат Исаевдин бул эрдиги үчүн Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев кол саат менен сыйлады, Москва шаарынын мэри Сергей Собянин да ыраазычылык билдире тургандыгын twitter-аккаунтуна жазды.

Жаңылыктар түрмөгү
0