Көчмөндөр оюнун өткөрүү үчүн жаңы ат майдан курулат

© пресс-служба президента КРКөчмөндөр оюну өтө турчу Бактуу-Долоноту айылындагы жаңы ат майдандын долбоору
Көчмөндөр оюну өтө турчу Бактуу-Долоноту айылындагы жаңы ат майдандын долбоору - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңыланган ат майданында мелдештерди гана өткөрбөстөн жума сайын жарманке да уюштурса болот.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Ысык-Көлдө жаңы салынып жаткан ат майдан дүйнөлүк стандарттарга жооп берерин Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Турдубек Мамбетов маалымат жыйында билдирди.

© пресс-служба президента КРКөчмөндөр оюну өтө турчу Бактуу-Долоноту айылындагы жаңы ат майдандын долбоору
1/3
Көчмөндөр оюну өтө турчу Бактуу-Долоноту айылындагы жаңы ат майдандын долбоору
© пресс-служба президента КРАт майдандын курулушун 15-августка чейин бүткөрүү пландалган
2/3
Ат майдандын курулушун 15-августка чейин бүткөрүү пландалган
© пресс-служба президента КРБул ат майдан 10 миң көрүүчүнү батыра алат.
3/3
Бул ат майдан 10 миң көрүүчүнү батыра алат.
1/3
Көчмөндөр оюну өтө турчу Бактуу-Долоноту айылындагы жаңы ат майдандын долбоору
2/3
Ат майдандын курулушун 15-августка чейин бүткөрүү пландалган
3/3
Бул ат майдан 10 миң көрүүчүнү батыра алат.

Анын айтуусунда, Бактуу-Долоноту айылында курулуп жаткан ат майданды 15-августка чейин бүткөрүү пландалган. Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну сентябрда өтөт.

Келечектеги Бишкектин борбордук бөлүгү - Sputnik Кыргызстан
Келечекте Бишкектин борбордук бөлүгү кандай болот
Мамбетов билдиргендей, аталган жай ар тараптуу болот. Бул ат майдан 10 миң көрүүчүнү батыра алат. Бузулган эки кабаттуу имараттын ордуна үч кабаттуу имарат тургузулат. Унаа токтотуучу жай каралып, анда 1235 унааны токтотсо болот. Калыстар үчүн экинчи кабатта каралган. Үчүнчү кабатта кадырлуу коноктор үчүн бөлмө орун алмакчы. 

Ошондой эле бул комплекске дем алыш күндөрү Бостери айылында өткөрүлүп келген жарманке көчүрүлөт. Ушуну менен айылдагы жол тыгын маселеси чечилет дейт адис. 

Ат майдандын курулуш иштери белгиленген графикке ылайык жүрүп жатканын өкмөттүн алдындагы Архитектура, курулуш жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак-жай курулуш боюнча департаментинин директору Урматбек Кокочаров билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0