Эл артисти Керим Тураповдун "Айылга каты". Айылга барган сайын күчөгөн сагыныч

© из семейного архива Керима ТураповаЭл артисти Керим Турапов. Архив
Эл артисти Керим Турапов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн биз айылдан изделген кымбат ирмемдер, жанга жай бербеген сагыныч менен кусалык жана бир ырдын тарыхы менен таанышабыз. Бул сапар "Айылга кат" жазуу кезеги КРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, Кыргыз улуттук консерваториясынын профессору Керим Тураповго келди.

Айылга кат жазуу көптөн бери көкүрөктө багып жүргөн обондуу ой эле. Ал көпкө уланган чыгармачыл толгонуу, изденүүдөн кийин ишке ашты. Ал "Айылга кат" аттуу ырым болду. Менин айылым Кара-Суу районундагы Кызыл-Суу айылы.

Эми обон (музыка) менен эмес, кадимки кат жазууга камындым. Анын өзөгүн эскерүү, сагыныч түздү.

Айылда төрөлүп-өскөн балдардын аң сезими, психологиясы башкачараак болот, кайда иштебесин, эмне болбосун элетте өскөндөр айылдык балдар боюнча калат. Бул кыйбастык сезим, сагыныч, умтулуу, сый-урмат.

ЖК депутаты Чыныбай Турсунбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айылга кат. Кат жазган муундун өкүлү Чыныбай Турсунбековдун айылы
Кечээ жакында эле залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айыл туурасында айткандарын окуп калдым. Улуу жазуучу ошол деңгээлинде туруп Шекердин кооздугун сүрөттөгөнү, айылдан башталган басып-өткөн жолу туурасында айткандары да мага тааныш. "Айылдагы аксакалдар, алардын өмүрү, менин чыгармачылыгым, эмгегим, жашоом… жана кайда болбоюн, ким болбоюн силер менен байланышта, бардыгы көзүмө элестеп турат" деп жатпайбы. Бул сезим мага да жакын. Ким болбойлу, кандай адам болбойлу, ата-эне, киндик кан таамып, өсүп, балалык кезди өткөргөн жер биз жаралгандан өлөр-өлгөнгө чейин көз алдыда кала берет. Жашоонун ырахатын көрүп, төбөбүз көккө жетсе да жүрөктө айылга деген сагыныч турат. Менин сезимдерим ошондой. 

"Туулган жерди сагынам" деген ырымда

Жылаңайлак чырпык ат минип,
Жылгалардан тунук суу кечип,
Балтырымды тилип караган,
Балалыгым, эстеп сагынам, деп жазганым бар. 

Азыр айылга жылына бир ирет барып турам. Канча жыл өтсө да, балалык кез, ойногон жерлерим кудум кечээ болгондой көз алдымда. Бул — адамдын өмүрү менен кошо өчө турган, тирүүлүктү дайыма коштоп жүргөн элес. Аркы дүйнөгө узап бара жатканда да көзгө элестеп турат болуш керек. Керемет жери — жамгырда калып, суу болуп үшүп келе жатсаң, ата-энең алдыңдан тосуп чыгып, кийимиңди кургактап, тамагын берип, төшөгүңө жаткырып, эки жагыңды кымтылап, а сен мемиреп уктап кеткен күндөрдү кантип унутууга болот?..

© из семейного архива Керима ТураповаКерим Турапов. Письмо домой
Керим Турапов. Письмо домой - Sputnik Кыргызстан
Керим Турапов. Письмо домой

Ырдын тарыхы. "Айылга кат" Айылга каттаган сайын кымбат бир көз ирмемдерди илип келгенге аракеттенем. Маселен, классташ балдарым менен отурганда, аксакалдар сүйлөшкөн учурларда же балдар карала-торала болуп, чурулдап, чуркап ойноп кезде кармап калган ирмемдер чыгармачылыкка идея берет. Мындай таасирлерден жаралган чыгарманы аткарып жатканда көз алдыңа тасма сымал тартылат. Бул жүрөктө аралап, кишини жашатат, күч-кубат, дем тартуулайт. Мен айылга барган сайын көкүрөгүм ушундай кымбат ирмемдерге толуп, байып кайтам. Анан ошол жылуу таасирлер менен көпкө жашайм.

Бозоргон боз там турса жол боюнда,
Боордош бирөө бар деп ойлогула.
Ата-энем ак тилектен салган эле,
Арбагын унут кылып койбогула.

Албетте, мен чоңойгон үйдүн эскилиги жеткендиктен, анын жанына башка там тургузганбыз. Бирок, ал мага аяр, кымбат жана жакын. 

Айылыма алыстан туруп көз салганда... Ичип кеткен авалар азайды...
Көкүрөктөгү сагынычты, кусаны бул сапар "Айылга кат" менен бергенге аракет кылгам. 

…Үйдө пианинодо отуруп алып, эч кимге угузбай жазып жүрүп, обону даяр болуп калган. Менде чыгармачыл адамдар берген ноталар, тексттер абдан көп. Бир топ жыл өткөндүктөн кээ бир кагаздары саргарып да кеткен. Ошолорду барактап отуруп, кичинекей жарты баракка көзүм түшүп калды. Композитору, автору да жазылбаптыр. Айылга кат деп жүрөт. Биринчи саптарын окуганда эле дал мен айтайын деп жүргөн ойду таптым… кызыгып окуп чыктым да, ошону менен эле текстке жабышып жатып калдым. Анан эстеп көрсөм, бир кезде Каныкей Эралиева эже обон жазып, ырда деп берген экен. Эжеге чалып, өзүм обон жазсам болобу десем, каршы болгон жок, ошентип азыркы "Айылга кат" жаралды. Ал эми сөзүн Кыргыз Эл акыны Надырбек Алымбеков жазган.

Атам, ээнсиреген жалгыз там…

Азыр баамдасам, атам кыргызда айтылган куйма кулак адамдардын бири болгон экен. Үйгө кишилер көп келип, алар атамдын айткандарын угуп, каткырып, бир оокумга чейин отурушаар эле. Жакшы ырдап, эпостордон тарта, тарыхый романдарды мыкты биле турган. Кээде балалык кыялым менен чогулгандарды жактырбай, колтугуна кирип алып, түрткүлөп, "ата, бул кишилерди кетирчи" дечүмүн…

© из семейного архива Керима ТураповаКерим Турапов. Письмо домой
Керим Турапов. Письмо домой - Sputnik Кыргызстан
Керим Турапов. Письмо домой

Кийин мен окууга келип, жогорку ноталарды билип, үйрөнгөнгө аракет кыла баштаганда анан атамдын ким экенин түшүндүм. Бир ирет бийик нотаны сунуштасам, атам жөн эле, кыйынчылыксыз алып койду. А мен ошол ноталарды ырдайм деп беш жыл окуп отурбаймынбы. Көрсө, атамдын эске тутуусу менен музыкалык туюму укмуш экен да. 

Апам эрте өтүп кетти. Ага болгон сагынычымдан улам "түндүгүнөн түтүн булатып, апам жапкан нанды сагынам" деген саптарым жаралды. 

Мен айылга барган сайын аксакалдарды, байбичелерди чогултуп, куран окутуп, эскерип келем. Бул адатка айланган. "Атаңды көргөн өлбөсүн" демекчи, бул менин атам менен апамды эскерүүм, аларга болгон жолугуум…

Азыр айыл баягыдай эмес

Менимче, азыр айыл жеринде менин бала кезимдегидей эч нерсеси калган эмес. Ал учурда электр жарыгы жок болсо да чырак менен отуруп алып, чыгармаларды айтып, ырдап, тамаша кылып, топтолушуп турушар эле. Азыр доордун өзгөрүшү менен ал көрүнүштөр жок болгон…

Ал эми азыркыны кеп кылсак, кайсы жетекчи болбосун, айылды өнүктүрүүнү көңүлгө алсак. Менин пикиримде, маданий агартууну жолго салып, элеттен жогорку окуу жайына тапшырган балдарды кайра айылга чакырсак. Себеби, айылга аз эле сандагы адистер керек. Маселен, менин айылыма эки-үч эле жаш адис жетиштүү. Жумушсуз отурган жаштарды маданият үйүнө, айылдагы клубдарга тартсак, аз болсо да элге шаң пайда болот эле. Маданият үйгө комузчулардын тобун, хорлорду же чакан орекстрди түзсөк. Айылда аш-тойлор көп болот, аларга барып жана майрамдарда ойносо, кийинки муун да таасирленет эле. Балдарды, кичинекейлерди жакшы нукка буруу деген максат, себеби, баары маданияттан башталат эмеспи.

Түбөлүктүү кусалык менен дабасы жок сагыныч 

Төкмө акын Элмирбек Иманалиев сценада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айылга кат. Кермек сүйлөп ыр айткан, кер какшыгын кылайткан Чоңколорум аманбы?
Эсимде. Окуп жүргөн алгачкы жылдары балдар эс алууну чыдамсыздык менен күтүп, үйлөрүнө кетип, анан сонун болуп кайтып келишер эле. Айран, сүт, каймактарын көтөрүп келип, айтор, энелери узаткандыгы көрүнүп турчу. Андай учурда меники да көзгө элестеп, көп нерсе эске түшүп, көкүрөгүм уйгу-туйгу болуп чыгат. Баары козголот…

Каникулдан баргандан кийинки көрүнүш — ээн калган өзүм өскөн үй, жалгызсыраган атам мага абдан катуу таасир эткен. Алма бакка чыгып, көзүмдөн жаш аккан… Окуумду таштап, жанында калуу аракетим майнаптуу болбой, атам "билим алышың керек" деп көшөрүп туруп алды. Агаларым, эжелерим атамдын пикирин колдогон… Ошентип, кайрадан Фрунзеге сапар алууга аргасыз болгонмун. Ошондон кийин каникул учурунда айылга барууну токтотком, ээнсиреген көрүнүштү көрбөй-укпай койгонго аракет кылчумун.

…Көкүрөктөгү ошол эски бир сагыныч азыр деле калган. Айылга барган сайын күчөйт. Бул негизи унутулбай турган кусалык. Өзүмдү алаксытканга аракет кылган менен бирок, басылбай турган сезим… Буга моюн сунуп, көнүш керек… Бул — жашоо, бул тирүүлүк. 

Анткен менен айылга барып туруу биздин парзыбыз…

Жаңылыктар түрмөгү
0