Балдардын кышында жука кийимчен турганы боюнча айыл өкмөт башчысы түшүндүрмө берди

Жазылуу
Алай районундагы Жаңы-Арык айылындагы бала бакчанын ачылышында суукта жука кийим менен чоңдорду күтүп турат делген жаш балдардын сүрөтү социалдык тармакта катуу талкуу жаратып, бул ишке өкмөт башчысы дагы кийлигишти.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Алай районунун Жаңы-Алай айыл аймагына караштуу Жаңы-Арык айылындагы бакчанын ачылышында балдар суукта чоңдорду күтпөгөнүн Жаңы-Алай айыл аймагынын башчысы Абдибап Исмаилов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, Алай районундагы Жаңы-Арык айылындагы бала бакчанын ачылышында суукта жука кийим менен чоңдорду күтүп турат делген жаш балдардын сүрөтү социалдык тармакта катуу талкуу жаратып, бул ишке өкмөт башчысы дагы кийлигишти.

Исмаиловдун айтымында, балдар ата-энелердин суранычы менен даярдаган бийин эки мүнөттөй гана аткарышкан.

"Ачылыш аземи аяктагандан кийин ата-энелер "кара жорго" бийлетебиз деп суранышты. Район акими да алардын көңүл кыйбай макулдугун берген. Балдар эки мүнөттөй гана "кара жоргону" бийлешти. Ал учурда түшкө маал болуп, күн жылып калган. Аларды сыртта эч ким күттүргөн эмес", — дейт айыл аймак башчысы.

Бишкектеги кыргыз-түрк эркек лицейинин ондон ашык окуучусунан сарык вирусу табылды
Ал ошондой эле, "кара жорго" бийлеген балдар төрт жаштан алты жашка чейинкилер экенин айтып, алар улуттук көйнөктөрүн жылуу кийимдеринин сыртынан кийишкенин кошумчалады.

Жаңы-Арык айылындагы жаңы ачылган бала бакча 60 орундуу. Ал эски мектептин имаратында жайгашкан. Аны оңдоо иштери 2015-жылы мартта башталганын Исмаилов кошумчалады.

Эки небересин ээрчитип келген 57 жаштагы ардагер Султанбек Адылов Sputnik Кыргызстан агенттигине район жетекчисинен суранып, неберелерин бийлеткенин айтат.

"Неберелерим бир ай бою "кара жорго" бийлейбиз деп даярданышкан. Алардын даярдыгы текке кетпесин, үйрөнгөн бийин эл алдында көрсөтсүн деп суранганбыз", — деди ал.

Жаңы-Арык айылындагы бала бакчанын башчысы Жаркынай Пазылова бакчага 28 бала келип жатканын билдирди.

"Азыр бакчага 28 бала келип жатат. Алардын ичинен кечээ бийлегенден суук тийип ооруп калгандары жок. Балдар сыртта бийлеген учурда күн жылуу болчу", — дейт ал.

Кыргызгидрометтин берген маалыматы боюнча кечээ, 11-февралда Ош облусунда 0 градустан 5 градуска чейин суук болгон.

Эшикте турган балдар боюнча премьер үн катты

Ымыркайдын колдору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Вице-премьер жаңы төрөгөн келин менен ымыркайдын өлүмүн иликтөөнү тапшырды
Аталган окуя социалдык тармактарда дагы катуу талкууланды. Өз кезегинде өкмөт башчы балдардын жука кийинип сыртта турушун кескин сынга алып, балдарды кандайдыр бир иш-чараларга тартуу аракеттерин токтотуу тууралуу бир нече ирет эскерткенин айтты.

Белгилей кетсек, 2015-жылы апрель айында премьер-министр Темир Сариевдин тапшырмасы менен Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучуларын мамлекеттик кызматкерлерди тосуу иш чараларына катыштырбоо боюнча буйрук чыгарган.

Буга чейин майрамдык иш-чарага катышып жаткан окуучулардын эстен танып жыгылган учурлары белгилүү. 

2015-жылы 8-майда Ошто өчпөс оттун жанында Темир Сариевдин катышуусунда өткөн иш-чарада бир окуучу эс-учун жоготкон. Ошондой эле 2015-жылы 31-августта "Ала-Тоо" аянтында өлкө президентинин катышуусу менен өтүп жаткан Эгемендүүлүк күнүн белгилөө учурунда эки кыз эстен танып жыгылган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0