Москвада өрттөн каза болгондордун төртөөнүн сөөгү Кыргызстанга алып келинди

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМосквадагы өнөр жай ишканасында өрт жайы. Архив
Москвадагы өнөр жай ишканасында өрт жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМ маалыматы боюнча бүгүн эртең мененки саат 08.00дө сөөктөр Баткен облусундагы туугандарына тапшырылган.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Москвада өрттөн каза болгон төрт маркумдун сөөгү Кыргызстанга алып келингенин ӨКМ билдирди.

Москвада КР жарандарын өрттөнүп кеткен цехке жайгаштырган киши изделип жатат
Кырсык үстүбүздөгү жылдын 30-январында болгон. Москвадагы өнөр жай ишканасында өрт чыгып, натыйжада 12 адам каза болгон. Анын сегизи кыргызстандык жаран, экөө Россиянын жарандыгын алган кыргыздар, ал эми дагы экөө өзбекстандык жарандар экени аныкталган.

Кечээ, 11-февраль күнү эртең менен алты кыргызстандыктын сөөгү авиакаттам менен Ош шаарына келип, андан кийин КамАЗ менен Баткен облусуна жеткирилген.

ӨКМнин маалыматы боюнча сөөктөр бүгүн, 12-февраль күнү саат 01.50дө Ош шаарына алып келинген. Андан ары Баткенге эки Спринтер менен саат 08.00дө Баткенге жөнөтүлүп, туугандарына өткөрүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0