Атамбаев Бавариядагы темир жол кырсыгынан улам Германия бийлигине көңүл айтты

© AFP / PETER KNEFFEL / DPA Баварияда болгон темир жол кырсыгы. Архив
Баварияда болгон темир жол кырсыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык 9-февраль күнү болгон. Акыркы маалыматтар боюнча андан 10 кишинин каза болуп, 200дөн ашууну түрдүү жаракат алганы айтылууда.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Германия президенти Йоахим Гаук менен Федералдык канцлер Ангела Меркелге Жогорку Баварияда болгон темир жол кырсыгына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Германиянын түштүк-чыгышында жүргүнчү ташуучу эки поезд бетме-бет кагышып, 8 киши өлдү
Мындан эки күн мурун Германиянын Бавария аймагындагы эки поезддин кагылышуусунан 10 киши каза болуп, 50 жүргүнчү оор жаракат, ал эми 150сү түрдүү жаракаттарды алганы айтылган. 

Мамлекет башчысы курман болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабырлануучулардын бардыгына алардын тезирээк сакайып кетишине тилектеш экендигин билдирип коюуну өтүндү.

Жаңылыктар түрмөгү
0