Кулматов: мэрия тилемчи болбостон маселе чечүүгө да жөндөмдүү

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэриясы. Архив
Бишкек шаарынын мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол жана унаа көйгөйлөрү менен бирге жарыктандыруу жана таштанды маселесин чечүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр бар.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Шаардык муниципалитет бюджетке кылчактабай күнүмдүк көйгөйлөрдү чечүүгө жөндөмдүү экенин экс-мэр Кубанычбек Кулматов маалымат жыйында билдирди.

Дордой базары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кулматов базарларды шаардын четине алып чыгуу керек деп эсептейт
Шейшемби күнү Кулматов өз ыктыяры менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Мэриянын маалымат кызматы шаар башчынын башка ишке которулуп жатканына байланыштуу жумуштан кетип жатканын айткан. Учурда мэрдин милдетин Айгүл Рыскулова аткарып жатат.

Кулматовдун айтымында, учурда көйгөйлөр программалардын негизинде чечилип жатат. Эгер былтыр президенттин чечимине ылайык жолдордун ремонтуна 1 миллиард сом бөлүнсө, быйыл шаардык казынадан 600 миллион сом бөлүнгөн.

"Жарыктандыруу, транспорт, таштанды чыгаруу жана жол сыяктуу негизги маселелер комплекстүү чечилет. Мисалы, азыр бардык электр карагайлары менен жарык берүүчү аспаптар алмаштырылып жатат", — деди экс-мэр.

Коомдук унаа боюнча программа ишке аша баштаганын белгилеп, Кулматов таштанды чыгарууга "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери кызыкдар болуп калганын айтты. 

Шаардын мурунку башчысы мэрия акча таап, өз көйгөйлөрүн чечүүгө жөндөмдүү экенин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0