КР муфтияты Хабаровск шаарындагы мекендештерге түз байланыш аркылуу дарс окуйт

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүХабаровск шаары. Архив
Хабаровск шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Онлайн түз байланыш ар бейшемби сайын саат 14:30да уюштурулуп турмакчы.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Хабаровск шаарындагы мекендештерге түз байланыш аркылуу бир саат боюу дарс окуйт. Бул тууралуу муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

"Эртең саат 14:30дан 15:30га чейин Россиянын Хабаровск шаарындагы мекендештерге түз байланыш аркылуу муфтияттын аалымдары дарс окушат", — дейт Атабаев.

Анда үй-бүлө, ынтымак, биримдик жана терс багыттагы диний агымдар тууралуу маалымат берилет. 

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Хабаровск шаарындагы өкүлчүлүгү менен биргеликте уюштурулган онлайн түз байланыш ар бейшемби сайын саат 14:30да уюштурулуп турмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0