Кыргызстандагы ашуу жолдору ачык

Жазылуу
9-февралда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жааган. Кыргызгидромет аба ырайы кескин өзгөрө турганын алдын ала эскерткен.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Жааган карга карабастан Кыргызстандын ашууларындагы автоунаа жолдору ачык экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бишкектеги кум чачуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин жолдору түнү менен кардан тазаланып чыкты
Белгилей кетсек, 9-февралда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жааган. Кыргызгидромет аба ырайы кескин өзгөрө турганын алдын ала эскерткен.

Маалыматка ылайык, Бишкек — Ош автожолундагы "Төө-Ашуу" ашуусу ачык. Аба ырайы бүркөө жана кар себелеп жаап жатат. Ал эми Бишкек — Нарын — Торугар жолундагы "Долон" ашуусунда дагы автоунаалардын өтүшүнө эч кандай тоскоолдук жок.

Андан сырткары Ош — Сары-Таш — Эркештам авто жолундагы "Талдык" жана "Чыйырчык" ашууларындагы жолдор да ачык.

Жаңылыктар түрмөгү
0