Тюменде КР жараны өзгөн ашы менен элдин шилекейин агызып келет

© предоставлено Константин ТюменцевРоссиянын Тюмень шаарында заказга өзгөн ашын баскан Константин Тюменцев. Архив
Россиянын Тюмень шаарында заказга өзгөн ашын баскан Константин Тюменцев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык жаран Оштун кулуну болот. Европа шаарларында билим алып, сүйүүсүнө жолугуп, заказга аш басуу ою кандайча келгенин айтып берди.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik, Азамат Аралбаев. Россиянын Тюмень шаарында заказга өзгөн ашын басып, элге жеткирип келген Константин Тюменцев менен сүйлөштүк.

28 жаштагы кыргызстандык — Оштун кулуну. Кийинчерээк Токмокко көчүп келип, ал жакта 18 жашка чейин жашайт. Андан соң Прага (Чехия) менен Лондон (Англия) шаарларынан билим алат. Тюменцев студенттик кезинен бери эле ашканага жакын келип, өзгөчө Борбордук Азия элдеринин улуттук тамагын жасоого ынтызар экенин айтып берди. 

© предоставлено Константин ТюменцевЖители Тюмени на ярмарке угостились узгенским пловом.
Жители Тюмени на ярмарке угостились узгенским пловом. - Sputnik Кыргызстан
Жители Тюмени на ярмарке угостились узгенским пловом.

Лондондо окуп жүргөн кезинде тюмендик кыз менен таанышып, тагдыр буйругу менен ушул шаарга отурукташып калган. Учурда жубайларды бир кызды тарбиялап келишет. Ал эми Константин өзүүнүн дизайн компаниясында арт-директор болуп иштейт.

Тюменцевден тюмендиктерге аш

"Европада жүргөндө биздин тамак-ашыбызды кадимкидей сагынчумун. Заказга аш баса баштаганыма эки айдын жүзү болду. Бардык тийиштүү азык-түлүктү атайын Өзгөндөн алдырам. Жакынкы жарым жылга жете тургандай күрүч даярдап койгом. Баарын автобустар менен ташыйбыз", — дейт кыргызстандык ишкер.

Палоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ташкенттин консерваланган палоосу Россияда сатылат
Тюменцев ашка адал этти пайдаланарын белгиледи. Анын ашканасында сегиз кишиден турган эки кыргызстандык үй-бүлө иштейт. 

Алдын ала заказ "ВКонтакте" жана Instagram социалдык тармактарында берилерин белгилейт. Бир жумадан кийин сүрөттөр аркылуу аштын жасалышы чагылдырылган сайттын ишке кирүүсү пландаштырылып жатат. Заказдар учурда телефон аркылуу алына баштады.

Кыргызстандык ашпозчунун менюсунда азырынча кой жана уй эти менен басылган аш сунушталат. Жакын арада кыздар үчүн фитнес аш жана спорт менен машыккандар үчүн тоок эти менен басылган аш даярдала баштайт. Муну менен бирге меню түркүн салат жана лагмандын түрлөрү менен толукталмакчы.

Тюменцевдин айтымында, тамактын баары казанда даярдалат. Уй эти менен басылган аштын бир килограммы 790 рубль болсо, кой эти менен жасалган тамак 1000 рублге бааланат. Бул суммага үйгө жеткирүү да кирет. 

"Бизге учурда аштын даамын татып көрүүгө куштар адамдар кардар болуп жатышат. Азырынча жакшы жайылта элекпиз. Кээде аш басып, досторумду тамакка чакырам", — дейт Константин.

Келечек ойлор

Азиз ишкер Бишкекте ашкана ачып, майыптарды жумушка алып жатат
Тюменцев ишканасын кеңейтүүнү ойлонуп келет. Бул үчүн промо-акция уюштурулуп, анда элге тааныштыруу үчүн 150 граммдан аш таратылат.

Жайында кыргызстандык ишкер Тюменде өзгөн ашынын майрамын уюштурсам деген тилеги бар. Жакында эле үлпөт тоюна арналган жармаңке өтүп, ишкер анда экинчи күнгө аш заказ кылууну сунуштаган. Кыялдарын ишке ашыруу үчүн Константин казан жана бардык даяр азык-түлүгү менен кошо көчүп жүрүүчү каражат даярдап алган. Жармаңкеде ал 40 килограммга чукул аш сатууга жетишкен.

Кыргыз тилинде түш жоруган ишкер бул заказга аш басып иштеген Тюмендеги биринчи долбоор экенин белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0