БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайы менен Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадион өрт коопсуздугу боюнча талаптарга жооп бербейт. Бул тууралуу Мамлекеттик экология жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция билдирди.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында спорт сарай менен стадиондо өрт өчүрүүгө жана залдагы адамдарды коргоп кала турган атайын өрттөн коргоочу темир пардалардын жок экени аныкталган.
"Калк көп жайгашкан имарат, мекемелерде кооптуу абал тууралуу белги берүүчү сигнализация турушу зарыл. Бирок мында коопсуздук эрежелери толук сакталган эмес. Инспекция буга чейин аталган мекеменин жетекчилигине эскертүү берип келген, айып пул төлөө менен чектелип, эч кандай чара көрүлгөн эмес", — деп айтылат билдирүүдө.
Мекеме бир ай ичинде коопсуздук чаралары көрүлбөсө мыйзам чегинде аракет көрүлө турганын белгиледи.