Тил эрежелерин бузуу менен тагылган көрнөк-жарнак ээлерине чара көрүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарында жарнама. Архив
Бишкек шаарында жарнама. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия шаар боюнча рейд өткөрүп, "Мамлекеттик тил жөнүндө" жана "Жарнама жөнүндө" мыйзамдарын бузуу менен тагылган көрнөк-жарнактарды аныктоодо.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Бишкек шаарында тил эрежелерин бузуу менен илинген көрнөк-жарнактар боюнча райондук администрация жана прокуратура маалымдар болот. Бул тууралуу президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия билдирди.

Көлдө атка минерлер иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнү үйрөнүп жатышат
Маалыматка ылайык, аталган мекеме "Мамлекеттик тили жөнүндө" жана "Жарнама жөнүндө" мыйзамдарын негизинде көрнөк-жарнактарга болгон көзөмөлдү күчөтүү максатында рейддерди байма-бай өткөрүүдө. 

Буга чейин текшерүүгө шаардын Октябрь району кабылып, андагы мыйзамсыз көрнөк-жарнактарды аныктап чыккан. Бул жолкусунда рейд Ленин району боюнча жүрүп, ага ЖМК өкүлдөрү катышты.

Натыйжада мыйзам бузуу менен илинген көрнөк-жарнак, жазуу-сызуулар боюнча аталган райондун администрациясына жана прокуратурасына кайрылуу жасалмакчы. Комиссия мындай рейддер күчөтүлөрүн белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0