Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Көзү азиз ди-джей Азамат Бердияров: агарып аткан ар бир таң мен үчүн сыноо

© Гулдана ТалантбековаКөзү азиз ди-джей Азамат Бердияров. Архив
Көзү азиз ди-джей Азамат Бердияров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азамат Бердияров — Бир нече радиостанцияларда иштеп, угармандарын оригиналдуу берүүлөрү менен тартып келет. Ал тубаса көзү азиз, бирок жарык менен караңгыны айырмалай алат. Турмуштун тар жолу дебей жашоого болгон умтулуусу алты саны амандардыкынан алда канча бийик. Учурда "Манас Жаңырыгы" радиосунда эмгектенип келет.

— Көз көрбөсө, жүрөк сезет деген бар. Сиз кайсыл убактан бери айлананы жүрөк менен сезип келесиз?

— Мен тубаса ушундай болуп төрөлгөм. Бар жашоону жок дебей көзү көргөндөр менен тең тайлашып алдыга умтулуп келем. Колума кол, бутума бут болгон досторум жанымда дайыма жардамдашып келет. 

— Радиого кантип келип калдыңыз, эфирди алып баруу ар бирибиздин эле колубуздан келе бербейт?

— Радиого 2005-жылдан тарта аралаша баштадым. Алгачкы жолу XXI кылым радиосунан тушоом кесилди. Устаттарым Нуркыз Исакова, Гүлшан Кулматова радиого алып келишип, кɵп нерселерди үйрɵтүштү.

Азиз ишкер Бишкекте ашкана ачып, майыптарды жумушка алып жатат
Негизи мектепте окуп жүргөндө эле директор, мугалимдердин үнүн туурап сүйлөй берчимүн. Бир күнү университетте окуп жүргөн кезимде Гүлшан Кулматова көзү көрбөгөндөрдүн мектебине кайрымдуу иш кылуу максатында келип калды. Анан бизден "ким болгуңар келет, кандай жагынан өзүңөрдү көрсөтө аласыңар" дегенде, мен алып баруучу болом десем, эже "кимди туурай аласың, алып баруучу болуш үчүн ар тараптуу болуш керек" деди. Мен болсо Тынчтыкбек Кожобековду, Элмара Турсуналиева дагы үч радио журналистти дал өзүндөй кылып туурай салдым. Алар аябай таң калышты. Ошондон баштап радиого аралаша баштадым.

— Алгачкы алып барган эфириңиз эсиңиздеби?

— Биринчи эфирим жаздыруу жолу менен берилген. Кийинчерээк түз обого чыкканда аябай сүрдөп жаткам, бирок качан гана режиссер "эфир" дегенде сүр дегенди унутуп, кадимки тажрыйбалуу журналисттердей алып барыптырмын. Буга өзүм да таң калгам.

— Программа алып барып жатканда кандай кыйынчылыктар болот?

Белгилүү алып баруучу Нурзат Токтосунова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нурзат Токтосунова: бир айда үй алууга жеткидей акча табууга болорун билбептирмин
— Берүүлɵрдүн кɵбү түз ободо болгондуктан пультка сɵзсүз кесиптештеримдин бири отурат. Мен алып барам, телефон чалууларга жооп берем, СМС каттарды реклама учурунда кесиптештерим бир сыйра окуп берет, кайра мен айтам. Ал эми ар бир ырдан кийинки айтылчу текстерди ɵзүм айтам. Себеби бардык нерсени жүрɵк менен, угуу сезими аркылуу кабылдайм. Уккан нерсемди дароо жаттап алганга аракет кылам. Борбор Азиядагы радиолордун баарын угам.

— Сизге жашоодо эмне мотивация берет?

— Ар бир агарып аткан таңга кудайга шүгүр кылып жашайм. Бул агарып аткан таң мен үчүн дагы бир сыноо, ошол эле учурда талпынып алдыга умтулуу деген ураанды карманам.

— Угармандарыңыз сиз жөнүндө билишеби?

— Көбү чындыгында билбейт экен. Түрдүү кече жолугушууларга барганда угармандарым көрүп алышып "Биз сизди минтип ойлогон эмеспиз, азаматсыз" деп таң калганын жашырышпайт.

— Кандай кыялдарыныз бар?

— Алдыда ой максаттарым көп. Буюрса көзү көргөндөр менен тең тайлашып иштеп, жеке менчик радиостанция ачсамбы деген тилегим бар. Ар бир адам кыялын ишке ашыруу үчүн эмгектенип, жалкоолукка жол бербеши керек. Адамдар алдындагы кыйынчылыктарды жеңе билсе, сөзсүз ийгилик жылмаят.

— Маек үчүн рахмат. Кыялдар орундалсын.

Жаңылыктар түрмөгү
0