Жакындарынын кордугунан Бишкекке качып келди деген кыздын ата-энеси үн катты

© Фото / Jesse TherrienКыз. Архив
Кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Жалал-Абаддан качып келген 17 жаштагы Назбийкени Бишкектеги реабилитациялык борборлордун бирине жайгаштырган болчу.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Жакындарынын кордугунан Жалал-Абаддан Бишкек шаарына качып келди деген 17 жаштагы Назбийкенин ата-энеси үн катып, кызы кимдир бирөөнүн азгырыгы менен ушундай деп айтып жатканын билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыз ата-энесинин ур-токмокко алган кордугуна чыдабай үйүнөн качып чыккан. Ал Бишкекке келип, мамлекеттик органдарга кайрылууга аргасыз болгон. Учурда Назбийкеге адистер психологиялык жардам көрсөтүшүүдө. 

Жакындарынын айтымында, Назбийке буга чейин бир нече ирет үйүнөн качкан. 

Солдаты Национальной гвардии на отдыхе. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Акыйкатчы институтунда аскер кызматкерлеринин укугун коргогон бөлүм ачылат
Көзүнө жаш алган Назбийкенин апасы Айнура Жаркынбаева кызын эртерээк үйгө кайтып келүүсүн суранып, анын оюндагысын кылууга даяр экенин айтат.

Ызадан ыйлаган атасы Кудайберди Маматов өгөй эместигин айтып, кызынын айткандарын түшүнбөй жатканын билдирди. 

Азыр бул окуянын чоо-жайын Сузак райондук милициясы тергеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0