КР мыйзамдары менен кодекстери мобилдик тиркемелери ишке кирди

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргызстан кодекстердин мобилдик тиркемеси. Архив
Кыргызстан кодекстердин мобилдик тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тиркемелер иркеме тең Кыргызстандын Программалык камсыздоо боюнча адистердин ассоциациясы даярдаган маалыматтын негизинде даярдалганы белгилүү болду.

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Кыргызстанда мыйзамдар жана кодекстердин мобилдик тиркемелери ишке кирди. Бул тууралуу Программалык камсыздоо боюнча адистердин ассоциациясынын директору Максат Сабыров билдирди.

Анын айтымында, кыргыз жана казак компаниялары биргеликте иштеп чыккан тиркемелер Кыргызстандын Юстиция министрлигинин ачык маалыматы боюнча даярдалды. "КР мыйзамдары" тиркемесин кыргызстандык компания иштеп чыкса, кодекстер камтылган 11 тиркеме казакстандык компанияга таандык.

"Биз бир жыл бою мамлекеттик структуралар, ишкана, уюмдар менен иштештик. Ачык маалыматтын негизинде мыйзамдардын топтомун жана 11 кодекстин мобилдик тиркемелерин түзүүгө мүмкүн болду. Кодекстер тиркемесин казакстандык компания иштеп чыкты. Биринчиден мындай маалымат Казакстанда жабык болот, экинчиден компания өз ийгилиги менен мыйзамдардын карапайым калк үчүн жеткиликтүү болушу кадыресе көрүнүш экенин далилдегиси келди", — деди Сабыров.

Учурда аталган тиркемелер пайдаланууга берилди. Азырынча алар Android үчүн гана жеткиликтүү. Тиркемелердин интерфейси жөнөкөй келип, кыргыз жана орус тилдеринде пайдаланылат. Аларды Google play аркылуу Play марткеттин жардамы менен жүктөп алууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0