Адиске суроо: жетекчиңиз сизди эзип иштетип жатса эмне кылуу керек?

© Sputnik / Табылды КадырбековМуштуктап кармаган киши. Архив
Муштуктап кармаган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жетекчиңиз сизди эмгек өргүүдө жүргөндө же эс алуу күндөрү жумушка чакыруудан кайра тартпай, кошумча эмгек акы төлөөнү уккусу да келбей жатса эмне кылуу керек?

БИШКЕК, 2 фев. — Sputnik. Жетекчи кыжырга тийгенде колго калемди алып, арыз жазууга даяр болуп калган учур башыңыздан өтсө керек. Мындан улам жетекчини Эмгек кодексин сыйлоого үйрөтсө болот бекен деген суроо туулат.

"Вигенс" укуктук борборунун президенти Владимир Плужник аталган суроого жооп берди. 

Китеп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Драматург менен композиторлорго 20 жылдан берки калем акысы берилет
Бүгүнкү күндө иш күндүн мыйзамдуу нормасы жумасына 40 же андан азыраак саатты түзөт. Анын ичине майрам күндөрүнө карата бир саатка кыскартылган иш сааттары дагы кирет. 

Эгер кызматкерлер дем алыш күндөрү жана жумуштан кийин калып иштешсе аларга кошумча маяна каралышы зарыл. 

Ар бир компанияда иш талаптар ар кандай. Аны эмгек келишиминен окуп көрсө болот. Ошол эле келишимде жумуш берүүчүнүн милдеттери жазылган, ал аркылуу талаптарды койсо болот.

Эгер жетекчиңиз укугуңузду тепселеп, сөзүңүздү укпаса сотко кайрылууга туура келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0